Региондордогу шайлоонун жүрүшү тууралуу билүү максатында Нарын районундагы №4052 — Учкун шайлоо участогунун төрайымы Майрамкүл Мүдүнова менен маек курдук. Төрайым бизге бул шайлоонун мурдакылардан айырмасы тууралуу айтып берип, шайлоочуларда кандай өзгөрүү болгонуна токтолду.
Кыргызстандын аймагында жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүлдү. Шайлоо комиссиясынын төрайымы Майрамкүл Мүдүнова айылдын жаштар жергиликтүү кеңештерге шайлоого активдүү катышканын белгилейт.
«Шайлоого элдер өз каалоосу менен катышып, каалаган адамына добуш берди. Себеби жергеликтүү кеңештерге шайлоо айылдын турмушуна түздөн түз тиешеси бар. Ашыкча үгүт иши же добуш сатып алуу байкалган жок», — деп белгилейт төрайым Мүдүнова.
Учкун айылында 1760 шайлоочу катталган. Алардын 700дөн ашыгы гана шайлоого келген. Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына 19 адам талапкерлигин койгон.
«Жергиликтүү кеңешке койгон талапкерлердин көпчүлүгү жаштар. Улуу муундан талапкерлер бирин-экин эле болду. Жаш талапкерлерди колдогон айыл тургундары көп болду. Себеби, алар айылдын жашоосуна активдүү катышып, ар түрдүү иш-чараларды, чогулуштарды өткөрүп келет», — деген оюн билдирди Майрамкүл Мүдүнова.
«Айыл жашоочулары референдумдан чоң өзгөрүү күтүп жаткандай. Келген шайлоочулардын дээрлик бардыгы макул деген добушун берди. Башкысы бул тандоону алар өздөрүнүн каалоосу менен аткарды. Эми алдыда жакшы бардыгы жакшы болуп, эл үмүтү акталат деп ишенем», — деп билдирди төрайым.
Шайлоого катышуу үчүн шаардагы жаштар атайын унаа айдатып келишкен. Төрайым алар да айылдын турмушуна кайдыгер карабайт деп эсептейт.
«Мурдагы шайлоого салыштырмалуу бир топ эле өзгөрүүлөр байкалды. Тургундардын шайлоого катышуу маданияты жогорулап, эркин тандоо укугун пайдалана алышты. Балким бул жергиликтүү кеңеш болгон үчүн ошондой болгон чыгаар. Бирок, өзгөчө жаштар активдүүлүгүн көрсөттү. Шаардан атайын шайлоо үчүн гана келгендер көп болду», — деп белгиледи Мүдүнова.
Куу-Майдандын тургундары шайланчу депутаттардан айылдын өнүктүрүшүн күтүшөт
Ислам Мамбетов, Гүлзар Казиева