11-апрелде Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум болуп өттү. Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын №4150 шайлоо тилкесинде шайлоочулар өз активдүүлүгүн көрсөтүштү.
Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сабит Алыбаев төмөнкүлөргө токтолду:
“11-апрелде №4150 шайлоо тилкесинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум болуп өттү. Референдум боюнча катталган шайлоочулардын саны 2028 адамды түзөт. Анын ичинен 793 адам добуш берди. Жергиликтүү кеңештерге болсо 2059 адам катталган. 791 адам добуш берди. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу санитардык нормалар сакталды. Ар бир саат сайын дезинфекция жүрүп турду. Шайлоо учурунда мыйзам бузуулар катталган жок. Шайлоого карата элдин маанайы жакшы деңгээлде болду. Ар бир адам өзүнүн жеке милдети катары келип, каалаган талапкерине добуш бере алышты. Мурунку болуп өткөн шайлоолорго салыштырмалуу жергиликтүү кеңешти шайлоого элдер активдүү катышышты. Негизинен шайлоо калыс, тынч өттү.»
Айылдык кеңешке 18 адам талапкерлигин койгон. Талапкерлердин ичинен 11 эркек, 7 аял болгон. Алардын ичинен 4 аял жана 6 эркек талапкерлер жергиликтүү кеңешке өттү.
Чолпон айылынын тургуну Жумакан Кожомкулова конститутциянын жаңы долбоорун колдогонун билдирди: “11-апрелде болуп өткөн шайлоо негизинен тынч өттү. Бул шайлоодо референдум дагы болуп өттү. Мен жеке өзүм конститутциянын жаңы долбоорун колдодум жана алдыда өлкөнүн өнүгүүсүнөн үмүтүм чоң”
“Жергиликтүү кеңешке талапкерлигин койгон ар бир талапкер депутаттыкка татыктуу десем болот. Жергиликтүү кеңешке өткөн депутаттар эми айылдын көйгөйлөрүн чечсин, айыл таза суу менен камсыз болсун, биздин Чолпон айыл өкмөтүнө суу келбегени маселе болуп жатат”-дейт шайлоочу Көпөшов Белек.
Тамара Касикеева айыл тургуну:
“Шайлоого жана реферундумга көз карашым жакшы. Өз каалоом мен шайлап жатам. Биздин айылга суу абдан керек. Суунун тартыштыгынан улам эгиндер өспөй, жергиликтүү калкка терс таасирин тийгизип жатат.»
Кусейин Марат уулу, Сильвара Төлөбекова