11-апрелде Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Референдум күнү болуп өттү. Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын № 4131 шайлоо тилкесинде шайлоочулар өзүлөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер Нурбек Эрмек уулу өз оюн төмөндөгүчө билдирди:
«Бүгүнкү шайлоого элдин катышуусу жана маанайы жакшы. Албетте шайлоочулар өздөрүнүн тандоосу боюнча добушун беришет. Ал эми Конституциянын жаңы редакциясынын кээ бир беренелери менен таанышып чыктым. Жаңы редакцияда бир топ өзгөрүүлөр бар экен. Мисалы, Конституциянын 89-беренесинин 5-бөлүгүндө «Мамлекетте аткаруу бийлиги Президент тарабынан гана жүргүзүлөт»- деп айтылат, ал эми 76-берененин 2-бөлүгүндө «Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскарат»- деп көрсөтүлгөн. Конституциянын жаңы долбоору эл үчүн кызмат кылат деп ишенем».
Дамира Турсунова- Кара-Суу айылынын тургуну, байкоочу:
«Мен бүгүнкү шайлоого байкоочу катары катышып жатам жана жарандык милдетимди аткарып өз добушумду татыктуу деп эсептеген талапкерге берем. Шайлоо өз нугунда, тартип сактоо менен өтүп жатат, шайлоо тилкесинде мыйзам бузуу катталган жок, элдин маанайы майрамдагыдай, мурунку шайлоолорго караганда айыл тургундарынын шайлоого катышуусу жакшы. Санитардык эрежелер сакталган, шайлоо тилкесинде ар бир жаранга бир жолу колдонулуучу бет кап бекер берилүүдө жана антисептик колдонулуп жатат».
Ал эми Кара-Суу айылынын тургуну Эрлан Калдарбеков бүгүнкү шайлоо боюнча оюн төмөндөгүчө билдирди:
«Мурунку шайлоолорго анча маани берчү эмесмин жана катышчу эмесмин. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого жана Референдум күнүнө активдүүлүгүмдү көрсөтүүнү чечтим. Анткени, шайланып келе турган депутаттардан үмүтүм чоң жана алар айыл эли үчүн таза иштеп берет деп ишенем. Конституциянын жаңы редакциясы менен такыр тааныштыгым жок».
Назира Молдокулова-№ 4131 Кара-Суу шайлоо комиссиясынын катчысы:
«Эртең мененки саат 8-00 дөн 11-00 гө чейин шайлоого катышкандардын саны 9,73% түздү. Жергиликтүү кеңешке добуш берүүчү шайлоочулардын саны -2137, ал эми Референдумга болсо 2115 шайлоочу. Мурунку шайлоолордо элдин катышы 50% түзчү, ал эми бул шайлоодо шайлоочулар катышуусу 70% түзөт деп божомолдоп жатабыз. Атуулдук милдетин аткарышып, шайлоочулар добушун берүүдө активдүүлүгүн көрсөтүп жатышат, шайлоо тилкесинде бардык талаптар эске алынган жана коопсуздук эрежелери сакталууда»,- деген маалымат берди Назира Молдокулова.
Элиза Кубанычбек кызы, Азима Шакирова