Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында шайлоо өз нугунда өтүп жатат. Ошентсе да көпчүлүк шайлоочулар жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлаганы келишип, бирок референдум тууралуу маалыматтары жок экенин билдиришкен.
№4017 шайлоо участкасынын төрайымы Назгүл Асаналиева шайлоонун жүрүшү жөнүндө, элдин көпчүлүгү референдум жөнүндө билбей эле келгендери жөнүндө айтып берди:
«Жалпысынан шайлоо өз нугу менен өтүп жатат, эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок, санитардык нормалар аткарылып, шайлоочуларды кабыл алып жатабыз. Жалпы 1485 шайлоочу болсо, анын 50% келип добушуп берип кетишти. Бирок көпчүлүк эл референдум жөнүндө маалыматы жок келишип, айрым учурда “эмне кылабыз” деп бизден сурап жатышты.Ал эми көчмө урна менен кече 10-апрель күнү 10 шайлоочунун үйүнө барып, добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Азыр элдин маанайы жакшы, татыктуу депутаттарды шайлайлы деп активдүү келип жатышат.»
Аталган шайлоо участкасынын байкоочусу Жибек Орозобаева элдердин активдүүлүгүн белгиледи:
«Мен Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жибек Орозобаева, №4017 шайлоо участкасында байкоочу болуп, шайлоонун жүрүшүн байкап отурам. Бардыгы ирээти менен өтүп жатат, санитардык нормалар аткарылууда. Мыйзам бузуулар азырынча боло элек. Элдердин активдүүлүгү жакшы, талапкерлердин арасында үгүт иштерин жүргүзгөндөрдү байкаган жокмун. Ал эми референдум жөнүндө болсо массалык маалымат каражаттарынан байма-бай берип жаткандыгынан, элдерде түшүнүк бар болуш керек деп ойлойм.»
Асель Уркунбаева