Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү №5529 Ак-Чал шайлоо тилкесинде айыл тургундары шайлоого активдүү катышууда. Шайлоого келген шайлоочулардын маанайлары жакшы, эч кандай мыйзам бузуу байкалган жок.
Шайлоо эрте менен саат 8:00 дө КР нын гимни менен коштолуп, аксакалдардын, байкоочулардын, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен биргеликте башталды.
№5529 Ак-Чал шайлоо участкасынын төрайымы Козубаева Шайыргүл Аскаровнанын айтымында:
Бүгүнкү шайлоо өз убагында, өз тартиби менен, КР нын гимни менен коштолуп саат 8:00 дө башталды. Элдер тынымсыз келишип, шайлоого активдүү катышып жатышат. Шайлоо башталгандан тартып саат 3:05 ке чейин 563 шайлоочу каттоодон өттү. Айыл тургундарынын коопсуздугу эске алынып, келген ар бир шайлоочуну бет кап менен камсыз кылып жатышат. Шайлоого келген шайлоочулардын маанайлары абдан жакшы.
Ак-Чал айылынын тургуну Дарбишов Айкынбек Шайырбековичтин айтуусу боюнча:
«Ааламга жол, айылдан башталат» дегендей, бүгүнкү шайлоодо эң мыктылары утат деген ойдомун. Ар бир шайлоочу өзүнө жаккан, өзү ишенген талапкерди шайлайт деп эсептейм. Жалпы талапкерлердин саны 10, алардын ичинен 5өөнү шайлоого мүмкүнчүлүк берилген. Бүгүнкү шайлоого жаштар активдүү катышып жатышат.
№5529 шайлоо участкасынын байкоочусу Сыдыкова Анипа:
Эртеден бери байкоочу болуп олтурам. Элдердин катышуусу аябай жакшы. Шайлоо талапка ылайык жүрүп жатат. Санитардык гигиенаны сактоо да өз нугунда аткарылып жатат. Эч кандай мыйзам бузуу байкалган жок. Мен буга чейинки болгон шайлоолордо ар дайым байкоочу болуп келем, бүгүнкү шайлоодо, болуп өткөн шайлоолорго салыштырмалуу элдин катышуусу бир кыйла жогору.
Таңнуру Жалалова