Аутизм бул баш мээнин өнүгүүсүнүн бузулуусунан келип чыккан өзгөчө абал. Ушул күнгө чейин аны ооруу же оору эмес деген талкуулар жаралып келет. Бир четинен муну ооруу десе дагы болбойт. Себеби аны жуктуруп албайт. Ошондой эле толук сакайтуу дагы мүмкүн эмес. Генетикалык ооруга окшош аны менен төрөлөт жана өмүр боюу кала берет.
Бул боюнча бүгүн «Рука в руке» Коомдук бирикменин, сенсордук интеграция боюнча адиси, врач-невролог Мээрим Бекенбаева жана Эне жана бала коргоо улуттук борборунун кызматкери невролог Азис Абдыкадыров кеңири айтып беришет.
Аутизм грек тилинен “өзүм, өзүмдүн ичинде” -деген маанини түшүндүрөт. Аутизм менен жабыркаган балдар өздөрүн вакумдун ичиндегидей башка кызыкчылыктар жок болгондой алып жүрүшөт.
Адистер аутизмиди 3 тармактык бузулуулар менен мүнөздөшөт:
1- Коомчулук менен сүйлөшүүсү, ой бөлүшүүсү бузулган
2- Социалдык тармакта өз ара аракеттенүүсү
3- Кайталанган, чектелген кызыкчылыктар стероатиптүү жүрүм турум
Балдардын аутизм менен жабыркашынын себеби дүйнө жүзү боюнча азыркыга чейин толук изилденип чыга элек. Бирок ага карабастан бир катар факторлор бар:
Генетикалык мутация (организмде тукум кууган касиеттердин өзгөрүшү). Ошондой эле эненин кош бойлу учурундагы ар кандай инфекциялык оорулар менен жабыркашы же айлана-чөйрөдөгү зыяндуу факторлор таасирин тийгизет.
Балада аутизм өзгөчө абал бар экенин кантип байкаса болот?
Негизинен үй-бүлөдө 2-3 баласы бар ата-энелер мурдакы балдарына салышытырып байкай алышат. Бала чоңойгон сайын анын социалдашуусу жакшыра башташы керек.
Балаңызда төмөнкү өзгөчөлүктөр байкалса, догдурга кайрылыңыз
— Баланы атын атап чакырып жатса жооп бербейт;
— Эмне каалап жаткандыгын түшүндүрүп бере албайт;
— Сүйлөөсү, тилинин чыгуусу кечигет
— Чоңдордун эч кандай көрсөтмөсүн аткарбайт;
— Угуусунун начарлашы мезгил-мезгили менен пайда болот;
— Оюнчук менен кантип ойной тургандыгын түшүнбөйт;
— Адамдарды көзгө карабайт
— Башкаларга күлбөйт
— 12 айлыгында үн чыгарып кобурашпайт
— 12 айлык кезинде ишарат кылып, колун шилтебейт же башка кыймылдарды жасабайт
— 24 айында эки сөздөн турган сөз айкашын айтпайт
Туура, жогоруда айткандай бул абалдан толук сакайуу мүмкүн эмес. Бирок, адистердин жардамы менен аутист балдарды коомго аралаштырып, социалдашуусун жакшыртса болот. Ошондой эле ата-энери үчүн дагы өзгөчө балдарга кантип туура мамиле кылуу керек, аларды түшунүү, кандай болсо ошондой кабыл алуу сунуштамалары берилет.
Тесттен өтүп балдарыңыз үчүн кандай ата-эне экениңизди билиңиз!
Балаңызга акча топтогонду үйрөтүңүз
Айгерим Кубатбекова