Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанга кайтарымсыз негизде, гуманитардык жардам иретинде Кытай Эл Республикасынан коронавируска каршы вакцинанын 150 миң дозасы келген. Учурда өлкөдө вакцина алуу процедурасы жүрүүдө.
Ак-Талаа районуна дагы апрель айында 1000 вакцина келип, 335 адам вакцина алган. Райондук дарыгердик практикалык борбордун директорунун орун басары Жылдызбек Мырзабек уулу бул тууралуу мындай деди:
“Азыркы күндө бизде 335 адам вакцина алды.20 күн аралык менен эки жолу алынат. Ошондо бизге миң даана келген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругунда эң биринчи дарыгерлер, медицина кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер жана өнөкөт оорусу барлар алуусу керек. Ал эми Гепатит С илдетине вакцина алгандар үч айдан кийин алса болот деп жатабыз. Анткени вакцина организмде иммунитетти пайда кылыш керек”.
Баетов айылынын тургуну Кайыркүл Абыкадырова вакцина албаган себебин мындайча түшүндүрдү:
“Кыргыздын эле витаминдүү тамактарынан, жемиштеринен жеп, ден-соолукту чыңдайлы деп алган жокмун. Биринчиден, вакцина кытайдыкы, оору деле ошол жактан чыкпадыбы. Экинчиден кытайдын дарысын балдарымдын ден-соолугуна залакасы тийбесин деп жатам”.
Дарыгер Жылдызбек Мырзабек уулу жарандар бул вакцинаны мажбурлап алууга тийиш эмес, ар кимдин укугу дейт.
“Биз мажбурлап алдыра албайбыз. Бул вакцинация каалоочулар үчүн. Азыр түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Медкызматкерлер толук алып бүтүштү. Мугалимдер, тарбиячылар алса жакшы болмок. Анткени, булар өздөрү билбегени менен илдетти алып жүрүүчү болуп калышы мүмкүн деген коркунучтар бар. Өздөрүнүн ден-соолугун ойлогон мугалим, тарбиячылар алышты. Бирок басымдуу бөлүгү алган жок”.
Баетов айлындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими Урумкан Рахманова вакцина алуудан кооптонуп жатам дейт.
“Ооба биз окуучулар менен иштейбиз. Бирок вакцина Кытайдыкы болгон үчүн кооптонуп жатам. Балким россияныкы болсо да ойлонуп көрмөкмүн. Бирок мугалимдер санитардык эрежелерди сактап, антисептик колдонуп, бет кап тагынып жатабыз”.
Вакцинация алуунун коркунучу жок, женил өтүүсүнө жардам берет дейт Жылдызбек Мырзабек уулу:
“Эч кандай коркунучу жок. Оорунун жеңил өтүүсүнө жардам берет. Организмге кооптуу эмес. Негизи бардык нерсе психологиядан деп коет. Коркпой эле каалоочулар ала берсе болот”.
Барчын Мамытбекова