Жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөттүн чыгашаларын текшере алышабы? Бул суроо менен Могол айыл аймагынын депутаттарына кайрылдык. Алардын пикирин «Ачык өкмөт» уктуруусунан угуңуз.
«Биз жергиликтүү кеңештин депутаттары экономикалык өнүгүү планына киргизген бюджетти бекитип беребиз. Ошондуктан текшерүүгө укуктуубуз»-деди беш жолку жергиликтүү кеңештин депутаты Кадича Жумабаева.
Ал эми депутат Марат Токтобаев жергиликтүү кеңештин депутаттары бухгалтердин чыгышаларын текшере албайбыз. Бирок, көзөмөлдөйбүз деген оюн ортого салды.
Могол айыл аймагынын башкы эсепчиси Зыягүл Укубаева дагы бул суроого жооп берип, депутаттар чыгашаларды текшерүүгө укугу бар экенин баса белгиледи.
«Жылдын башында өздөрү бюджетти бекитип берет. Ошондуктан, алар текшергенге укугу бар. Ал эми мен ар бир чыгаша боюнча отчет тапшырам. Мисалы, 2020-жылдын отчетун, 2021-жылдын 25-январында тапшырдым. Эмне иштер аткарылып, аткарылбай калган иштердин себебин айтып берем», — дейт Зыягүл Укубаева.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Тимурлан Мелисбеков, Гулназ Камбарали кызы
Аудио: Жергиликтүү кеңештин регламенти
Жумуш берүүчү депутатты кеңештин сессиясына жиберүүгө милдеттүү