Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер шайланып, мандат алган учурдан тарта жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна ээ болот. Депутаттын кандай укуктары бар жана ал айыл өкмөт башчысынын чечимдерин жараксыз деп таба алабы? Бул жана башка суроолорго «Ачык өкмөт» уктуруусунан жооп алыңыз.
Жергиликтүү кеңештин компетенциясында айыл өкмөтүнүн башчысынын чечимдерин жараксыз деп табуу каралган эмес. Бирок, айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими мыйзамга карама-каршы келген учурда, айыл кеңеш депутаттары чечимди жокко чыгаруу үчүн сунуш бере ала тургандыгын айыл кеңеш депутаты Руслан Эшманбетов тастыктады.

Айылдык кеңештин депутаты Руслан Эшманбетов
Руслан Эшманбетов: «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура эмес келген чечимдерди айыл өкмөт кабыл алган болсо, айылдык кеңеш бул чечимдерге сунуштама бере алат, жокко чыгара алат. Ошондой эле, айылдык кеңеш протоколдун негизинде чечимди кабыл алууга укугу бар».
Азыркы учурда кѳптѳгѳн айыл аймактарда администрациялык укук бузууларды жасаган адамдар четтен табылат. Аларды тартипке салуу үчүн кээ бир айыл аймактагы жергиликтүү депутаттар айып пулдарды салып ѳз алдынча жаза колдонуп келишет. Бул мыйзам айыл кеңеш депутаттарынын компетенциясына туура келеби деген суроо менен айыл кеңеш депутаты Тамара Дюшеевага кайрылып тѳмѳндѳгү жоопту алдык:

Айылдык кеңештин депутаты Тамара Дюшеевага
Тамара Дюшеева: «Административдик мыйзам бузуу болсо жергиликтүү кеңештин депутаты ѳз алдынча чара колдоно албайт. Ал үчүн сессия болуп, токтом чыгарылыш керек. Ошол токтомдун негизинде айыпталуучу административдик айып тѳлѳйт. Болбосо ѳз алдынча жалгыз депутат иш алып бара албайт».
Жергиликтүү маанидеги маселелерди, кѳйгѳйлѳрдү чечүү жана аларды ишке ашыруу жергиликтүү кеңештин депутатынын негизги милдеттери болуп саналат. Жергиликтүү кеңештин депутаттары кандай документтерди чыгарууга укуктуу экенин «Ѳнүктүрүү саясат институту» коомдук бирикмесинин серепчиси Бекболот Бекиев төмөндөгүдөй билдирди:

«Ѳнүктүрүү саясат институту» коомдук бирикмесинин серепчиси Бекболот Бекиев
Бекболот Бекиев: «Жергиликтүү кеңештин депутаттары Конституциянын жана мыйзамдардын чегинде ѳздѳрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырышы керек. Алардын ыйгарым укуктарын эч ким чектѳѳгѳ укуксуз. Жергиликтүү кеңеш ѳздѳрүнүн милдеттерин аткаруу убагында тиешелүү чечимдерди кабыл алганга укугу бар».
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонду тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун кѳз карашын чагылдырбайт.
Гүлкайыр Осмоналиева
Аудио: Айыл өкмөттүн чыгашаларын жергиликтүү кеңештин депутаттары текшере алабы?