Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарына мандаттары тапшырылды. Жергиликтүү кеңештин депутаттары кимдер? Мандат алган жаңы депутаттар менен алдыда таанышыңыз.
Азимжан Мырзаев: «Мен Базар-Коргон районунун шайлоо комиссиясынын ыкчам топ группасынын жетекчиси болом. Бүгүн мына Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаттарына мандат тапшырганы келдик. Күбөлүктөрдү, төш белгилерди тапшырдык. Могол айыл өкмөтүнөн 21 депутат шайланган. Жалпысы 21 болсо, андан 8 аял, 13 эркек. Аларды чын жүрөктөн куттуктап, эл үчүн кызмат кылган депутаттардан болоорун каалайбыз».
Эркин Турдукулов, Могол айылдык аймагынын башчысы: «Бүгүнкү иш-чара жакшы өттү. Депутаттарга мандат берилди. Эми депутаттар социалдык — экономикалык маселелерди чечүүгө, экономикалык өнүгүү пландарды аткарууга өбөлгө түзүп, аны жүзөөгө ашырууга жардам беришет деп ишенемин. Бул шайлоо 30% аялдарга квота болгондуктан, депутат айымдардын көп болушу менен өзгөчө болду. Айымдар бар жерде көп социалдык маселелер көтөрүлөт. Демек, Могол айыл аймагында көп өзгөрүүлөр болот деп ишенем».
Жандарбек Абдашим уулу: «Чкалов айылынан болом, 29 жаштамын. Шайлоого биринчи катышып, элимдин ишенимин алып, жергиликтүү кеңешке депутат болуп келдим. Бүгүнкү иш-чара жакшы өттү. Колдон келишинче элге кызмат кыламын».
Эрнис Турдукулов: «Биринчиден мен бүгүнкү Могол айылдык кенештин 7- чакырылышындагы мандат ээлерин куттуктайм. Бул мандат ээлери келечекте элдин жүгүн аркалап, айыл аймагына кызмат көрсөтүп, элибиздин гүлдөп өнүгүүсүнө кызмат көрсөтөт деп ойлойм. Мен 3 жолу чакырылыштын депутаты болдум. Мурдагы чакырылыштарда да элибиз үчүн бир топ алгылыктуу иштерди аткарып келгенбиз. Мен юрист катары бир топ маселелерди туура, так чечүүгө аракет жасайм. Мындан ары да өз элиме, жериме кызмат кылып, чоң салым кошууга аракеттенем. Мурдагы чакырылыштарда берген убадаларымды толугу менен аткардым».
Жергиликтүү кеңештин айым депутаттары
Жыйындын башында Аймактык шайлоо комиссиясынан келген өкүлдөр сөз сүйлөп, андан кийин Кадича Жумабаевага сөз берилди. Ал, адилеттүү төрага шайлап алсак, элге керегибиз жарап, айылдардын көйгөйүн чечели деди.
Жыйында жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо болду. 21 депутаттын ичинен Абдилаким Мамарасулов төрага болуп дайындалып, анын жардамчысы Марат Токтобаев болду.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонду тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун кѳз карашын чагылдырбайт.
Тимурлан Мелисбеков, Айдай Жапарова, Гулназ Камбарали кызы
Жергиликтүү кеңештин депутаттары кайсыл документтерди чыгара алат?
Аудио: Айыл өкмөттүн чыгашаларын жергиликтүү кеңештин депутаттары текшере алабы?