Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында 2021-жылы вирус катталган жок. Бул тууралуу маалыматты аталган айылдын ФАП кызматкери медайым Садыкова Гуланда билдирди.
«Азырынча айыл тургундарында Ковид-19 каттала элек жана жалпы абалды туруктуу деп айтсак болот. Аба-ырайына байланыштуу суук тийип ооругандар бар,бирок кайра жакшы болуп кетип жатышат. Антсе дагы кооптоно турган негиз бар, себеби республика боюнча дагы деле күндө ооругандар катталып жатат. Ал эми санитардык нормаларды көпчүлүк аткарбай эле. Бизде болсо азыр коронавируска каршы вакциналар көпчүлүк менен иштеген кызматкерлер үчүн келген. Бирок эмнегедир андан кооптонуп, аны албагандар арбын болуп жатат. Буга ар кандай маалыматтардын тарап жаткандыгында деп ойлойм.»
Вакцина жөнүндөгү ар кандай жалган маалыматтар элдерди кооптондурууда
Ал эми аталган айылдын тургуну Айгүл Кермакунова санитардык норманы өзүбүз башташыбыз керек болчу дейт.
Айгүл Кермакунова
«Негизи айыл боюнча абал жакшы деп айта алам, анчалык деле ооруган кишилерди байкаган жокмун. Кичине аба-ырайына байланыштуу бир аз сасык тумоо, тамак оору болду окшойт. Бирок азыр күн да жылып, жакшы болуп калды. Биз баарыбыз эле вирусту унутуп калгандайбыз, эч жерде санитардык нормалар аткарылбайт. Бардык жерде, ошол эле банкка барсаңыз маска тагынгыла дейт, бирок өзүбүз тагынбай эле кире беребиз. Менин оюмча азырынча саннормаларлы сактай турсак жакшы болмок»,- деп өз оюн билдирди.