Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарына жашыруун добуш берүү аркылуу шайлануусунун натыйжасында ээ болот. Депутат кеңеште кандай укуктарга ээ? «Ачык өкмөт» уктуруусунда бул суроого жооп ала аласыз.
БШКнын Тогуз-Торо жана Ак-Талаа райондору боюнча өкүлү Токтосун Казиев жергиликтүү кенештин депутатынын укуктарын ырастаган жагдайлар тууралуу буларды айтты:
Токтосун Казиев: «Жергиликтүү кенештин депутаттары 4 жылдык мөөнөт менен шайланат. Азыркы жаңы шайланган депутаттардын биринчи сессиясы өтүлгөн күнү мурунку чакырылыштын мөөнөтү аяктайт. Алардын ыйгарым укуктарын депутаттык күбөлүк жана төш белги ырастайт. Депутаттын күбөлүгүнүн жана төш белгисинин үлгүлөрү, ошондой эле алар жөнүндөгү жобо мыйзам менен бекитилет”.
“Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана колдонуудагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын эч ким чектөөгө укуксуз. Бирок, Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков аталган мыйзамда карама-каршы келген жагдайлар бар дейт.
Талант Турусбеков: “Ушул эле мыйзамдын 25-статьясында жергиликтүү кеңеште шайлануучу кызматка шайланган депутаттын ыйгарым укуктары бүткөндөн кийин аны ишке орноштурууну тийиштүү жергиликтүү кеңеш камсыз кылат деп белгиленген. Эми биздеги 21 депутаттын өзүнүн иштеген кызматы болгон менен 10 депутаттыкы жок да. Аны биз кантип жумуш менен камсыз кылабыз. Мындай учурда кандай болот?”
Баетов айылдык кеңешинин депутаты Нургүл Мамбетова мыйзамда жергиликтүү кеңештин депутатына кандай артыкчылык берилгенин айтты:
Нургүл Мамбетова: «Мыйзамга ылайык жергиликтүү кенештин депутаты иш берүүчүсүнүн демилгеси менен жумуштан бошотулууга, ошондой эле жергиликтүү кеңеш анын төрагасы менен алдын-ала макулдашуусуз жана мандат комиссиясынын, депутаттык ишмердик жана этика боюнча комиссиясынын корутундусу жок тартиптик жаза иретинде төмөн акы төлөнүүчү кызматка которулууга тийиш эмес. Бул жерде мекеме же депутаттын кызматы жоюлган учур эсепке алынган эмес. Мындай учурда депутат ишсиз калат».
Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Турусбеков депутат иштеген жеринде төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ дейт:
Талант Турусбеков: “Жергиликтүү кенештин депутатынын 4 жылдык ишмердиги муниципалдык стаж болуп эсептелет. Мындан сырткары депутатты иш берүүчүсү кеңештин сессиясына жиберүүгө милдеттүү. Жибербей койгонго укугу жок. Кээде ушуну билбегендиктен депутатты сессияга жибербей койгон учур көп болот”.
Тийиштүү жергиликтүү кеңештер жана алардын органдары депутаттар өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашыруусу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылышат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандардын бирикмелеринин органдары, ишканалар, мекемелер, уюмдар, алардын кызмат адамдары депутаттардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Бул материал Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Барчын Мамытбекова
Аудио: Жергиликтүү кеңештин депутаттары кызмат акыларды белгилей алышабы?