Ак-Талаа райондук жарандык коргонуу штабынын отуруму өтүп, тиешелүү кызматтарга санитардык эрежелерди сактап, күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу боюнча бир катар көрсөтмөлөр берилди.
Тактап айтканда, Рамазан айы болгондуктан мечиттерде, кафелерде массалык ооз ачыруу иштерин токтотуу тапшырылды. Мындан сырткары, мечитке намаз окууга келген жарандардын санитардык эрежелерди сактоосуна көзөмөл кылуу менен алардын санына чектөө коюу тууралуу маалыматтар бардык айылдардын имамдарына жиберилди.
Ошондой эле, бардык мекеме-ишканаларга, айыл өкмөттөргө жер-жерлерде санитардык талаптарды сактоо боюнча (антисептик каражаттарын колдонуу, бет кап тагынуу) калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилди.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык тармак боюнча адиси Э.Токтогулованын маалыматына караганда учурда райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 8 койка даярдалып, соматика бөлумүндө 22 койка резервде турат.
2 айлык мөөнөткө жеткидей дары-дары-мектердин запасы бар.
Дары-дарымектин запасы 2 айга жетет
Коргоочу каражаттар 3 айлык мөөнөткө жетет.
Коргоочу каражаттар
«Билим берүү мекемелеринде окуучулардын дене табын күндө текшерүүнү колго алуу боюнча дагы райондук билим берүү бөлүмүнө көрсөтмө берилди. Район боюнча абал туруктуу деп айта албайбыз» дейт.
Акталаанын Жерге-Тал айылына алма бактын көчөттөрү отургузулду
Барчын Мамытбекова