Бүгүн Ак-Талаа районундагы Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагында «Алдыда жолдор калды басылбаган» аттуу эскерүү кече болуп өттү. Аталган иш чарага 7-апрелде курман болгон Адилет Карасартовдун ата-энеси, китепкана жана маданият үйүнүн кызматкерлери, ошондой эле Ш. Бейшеналиев менен Э. Карасартов атындагы мектептердин окуучулары катышты. Алгач тоталитардык бийликке каршы кагылышууда курман болгон эр азаматтардын арбагына багышталып куран окулду.
Эскерүү иш-чарасынын катышуучулары
Курман болгон Адилет Карасартовдун атасы Сүйүндүк Карасартов
Андан соң Адилеттин атасы Сүйүндүк Карасартов:
«Адилетти кичине кезинен эле билимдүү болсун деп борбордогу №5 гимназияга бердик. Азыр ойлосом ал ата-энеден эрте бөлүнгөн экен. Ар бир адамдын маңдайына ар башка тагдыр жазат тура. Адам жашоосундагы акыркы көз ирмемде эмне элге иш жасадым деп ойлонот экен. Ошол учурда айта турган жообуң болуш керек экен. 7-апрелде курман болгон жигиттер да келечек үчүн, эли-жерибиз үчүн жаныбызды берели деген ойго келсе керек»,- деп ойлойм.
Маалыматтык китепканалар тармагынын жетекчиси Гүлжаз Сулайманова (оңдон биринчи) иш-чаранын максаты тууралуу айтып берүүдө
Китепкана кызматкерлери апрель окуялары тууралуу баяндама жасоо учуру
Китепкананын кызматкерлери 2010-жылы 7-апрель окуялары курман болгон Ак-Талаалык үч жигит тууралуу баяндама жасашты.
Аларды энелери Мекен үчүн төрөшкөн…
Наргиза Ырысбекова, Жаркынай Тыныбекова