Ак-Талаа районуна караштуу Чолок-Кайың айылындагы Калпа-Атанын алма багын калыбына келтирүү максатында 5 түрлүү алманын 450 көчөтү отургузулду.

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлмайрам Учугенованын маалыматына караганда көчөттөр БУУнун “Айылдык аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында алынып келинди.

“Жерге-Тал айыл аймагында түзүлгөн “Жерге-Тал-Нур” аялдардын эки тобунун бири Калпа-Атанын алма багын калбына келтирүү үчүн долбоордун үстүндө иштеп жатышат. Долбоордун негизинде келген көчөттүн жалпы баасы 55миң сомдун тегерегинде. Келечекте бул алма бакка мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү чакан ишкана ачсакпы деп пландаштырып жатабыз. Буюрса бул долбоор муну менен токтоп калбайт”,- дейт.
Акталаада багылып жаткан төө куш, бөдөнө жана кыргоол…
Барчын Мамытбекова