Ак-Талаа районуна караштуу Жерге-Тал айылдык кеңеш чечим чыгарып, Калпа Атанын алма багын жергиликтүү маанидеги тарыхый эстелик деп КРнын маданият министрлигинен каттоодон өткөрдү.
Калпа Атанын алма багына жаңы көчөттөр отургузулду
Калпа Атанын алма багын калыбына келтирүү иштери
Айыл өкмөт башчысы Гулмайрам Учугенованын айтканына караганда 1860-жылдары Калпа Ата деген киши жашап өтүптүр:
“Өзүнүн аты Дубана болгондуктан Дубана Калпа деп коюшчу экен. Бул кишинин диний аалым катары өзүнүн мечити болуптур. Ошол эле учурда багбанчылыкты өздөштүргөн адам экен. Ал кишинин көзү өткөндөн кийин жалгыз уулу Кемелдин атасынын алма багын карап, улантып, өстүргөн. Уулунун дагы көзү өтүп, андан кийин каралбай калган. Алма дарактары карыды деп колхоз тарабынан көпчүлүк алмасы сүздүрүлгөн. Азыр эми кайра калыбына келтирүү иштерин жасап, 1 гектар жерге көчөт отургуздук. Учурда “Жергиликтүү тарыхый эстелик деп маданият министрлигинен каттоодон өткөрдүк. Буюрса келечекте ушул Калпа Атанын алма багын КРнын тарыхый эстеликтеринин тизмесине киргизүүгө аракет кылабыз”,- дейт.
Акталаада багылып жаткан төө куш, бөдөнө жана кыргоол…
Барчын Мамытбекова