Бүгүн Ак-Талаа районундагы 12 айыл өкмөттө жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору үчүн референдумга добуш берүү жүрүп жатат. Район боюнча 264 жаран талапкерлигин койгон.
Учурда №4091 УОС шайлоо участкасында шайлоо процесси жүрүп жатат. Бул округда 6 мандат болсо, талапкерлердин саны 22.
Шайлоо участкасынын алдында талапкер жана алардын жактоочуларынан шайлоонун жүрүшү боюнча ой-пикир сурап көрдүк.
Сакен Нуралиева (солдон биринчи) жана Айжамал Ибраимова айыл тургундары, шайлоочу
Айжамал Ибраимова-Баетов айылынын тургуну, шайлоочу: «Ар бир шайлоочу өзү жакшылап ойлонуп анан добуш берет го. Шайлоо өз жолу менен өтүп жатат»
Ал эми Сакен Нуралиева-айыл тургуну, шайлоочу шайлоодон өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын айтты: «Шайлоодон кийин өлкөбүздө өнүп-өсүү болсо, Президентибиз, мыйзамдар эл үчүн иштесе деген тилегим бар. Ага ар бирибиз колдоо көрсөтүшүбүз керек».
Ал эми депутаттыкка талапкер Азамат Аскарбеков:
Азамат Аскарбеков -депутатыкка талапкер
«Жергиликтүү бюджетти туура бөлүштүрүүсүн көзөмөлдөө, чет элдик уюмдар менен иш алып баруу сыяктуу максаттарым менен баратам. Элибиздин жашоо-шартын жакшыртуу, айылыбыздын өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн кошумча каражат булактарын тартуу боюнча дагы иштерди жасоо аракетин көрүп жатам».
Аялдардан талапкер болгон Курманжан Тиленбаева: «Эл жериме кызмат кылуу үчүн убактым келди жана тажрыйбам жетиштүү деп ойлойм. Аялдар үчүн квота жакшы мүмкүнчүлүк болот. Буюрса алдыда жакшы максаттарым бар»,- деди.
Курманжан Тиленбаева- депутаттыкка талапкер
Урмат Токтокуев-байкоочу, айыл тургуну
Быйылкы жергиликтүү шайлоолорго депутаттыкка талапкер болгон жаштар арбын. Баетов айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаты Урмат Токтокуев ар бирибиз өз каалаган талапкерлерге добуш бердик. Сатып алуу, сүйлөшүү деген болгон жок. Шайлануучу депутаттар тажрыйбалуу болсо. Жаш болобу, кары болобу негизгиси иштеш керек. Тажрыйбалуу талапкерлерди колдойбуз. Ийгилик ташы кимге оосо, ошол өтөт» деген ойдо.
Барчын Мамытбекова