Ат-Башыда калкты тейлөө борбору жаңы имаратка которулуп, электрондук кезек менен иштеп баштады.
Ат-Башы райондук мамлекеттик аминистрациясынын сунушу жана Мамлекеттик каттоо кызматынын колдоосу менен Ат-Башы районундагы калкты тейлөө борбору жаңы имаратка көчүрүлүп, тейлөө сапаты жогорулоодо.
Буга чейин аталган бөлүм райондук Кыргыз почтасынын имаратынын бир жак башындагы 3 бөлмөсүндө иштеп келишкен. Анда күтүү залы жок болуп, кезекке тургандарга жана тейлөө кызматкелерине дагы кыйынчылыктар жаралып турчу.
Жаңы имаратынын ичи кенен болуп, күтүү залы, жана электрондук кезекке туруу шарттары түзүлүп, тейлөө сапаты жакшырууда.
Райондук жарандык абалдагы актыларды каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө жалпы 13 кызматкер эмгектенет.
Асель Уркунбаева