Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Баетов

Акталаада Нарын дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагында Нарын дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул иш-чара жээк эрозиясын алдын алуу жана кооптуу участокторду коргоо максатын көздөйт.

Нарын облусунун башчысы Нурбек Сатаров Ак-Талаа районунда эл менен жолукту

11-майдан баштап Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо, Ала-Буга, Кара-Бүргөн , Баетов айыл өкмөттөрүндө болуп, эл менен жолукту.  Дубан башчы менен бирге Нарын облусунун …

Акылбү Султаналиева :»Бөйтө энем манасты аян бергенден соң айтып калган»

Өткөн кылымда Ак-Талаа районунун Баетов айылында Бөйтө аттуу манасчы жашап өткөн. Небереси Акылбүбү Султаналиеванын айтымында ал кишини айылдаштары манасчы кемпир деп таанышчу. Кылым жашаган Бөйтө апа (1884-1981-ж.ж) тууралуу небереси кеп …

Акталаада Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Бүгүн Ак-Талаа районунун Баетов айылында  Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 81жылдыгына арналган эскерүү иш чарасы белгиленип, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл аксакалдары, мекеме жетекчилери, айыл тургундары катышты.

Академик Жамин Акималиевдин 90 жылдыгы кичи мекенинде белгиленди

Бүгүн  академик жана коомдук ишмер, Жамин Акималиевдин   90 жылдыгына арналган салтанаттуу  иш чара анын  кичи мекени  Баетов айыл аймагына караштуу Үгүт айылында өттү. Ага Ж.Акималиев үй-бүлөсү менен, ошондой эле жергиликтүү …

Баетов айылында таштанды таштоочу чөлкөмгө адамды жүзүнөн тааный турган видеокамералар орнотулду

Ак-Талаа районунун Баетов айылынын күн чыгыш тарабындагы Как-Көл жана күн батыш тарабындагы Кара-Чий  чөлкөмүн көзөмөлгө алуу максатында заманбап үлгүдөгү санарип  PTZ -камерасы орнотулду. Видеокамеранын күнү-түнү иштөө менен  бирге адамдын жүзүн …

Акталаада Эмгек күнүнө карата ишембилик өттү

Ак-Талаа районунда 1-Май Эмгек күнүнө карата ишембилик өтүп, ага айыл аймактын  тургундары, жаштары жигердүү катышты.  Айлана-чөйрөнү тазалоо менен бирге   «Жашыл мурас»  улуттук өнөктүгүнүн алкагында жүздөгөн жаңы көчөттөр тигилди.

«Биз- XXI кылымдын интеллектуалдары: Акталаалык окуучулардын облустагы ийгилиги

«Биз- XXI кылымдын интеллектуалдары: Чыңгыз Айтматовдун идеялары жана келечектин технологиялары»- аттуу Эл аралык форумунун облустук туру өтүп, анда Ак-Талаа районунун жалпы билим берүү мектептеринен жалпы 35 окуучу катышкан. Алардын эмгектери …

Акталаада 75га аянтка 60миң көчөт тигилди

Ак-Талаа районунда «Жашыл мурас» улуттук өнөктүктүн алкагында карагат, кара өрүк, терек жана башка бак-дарактардын көчөттөрү отургузулуп, ага жергиликтүү эл, жаштар көмөк көрсөтүүдө.

Чернобыль кырсыгынын 40 жылдыгы: ардагерлер эскерилди

Чернобыль кырсыгына быйыл 40 жыл толду. Ушул датага карата эскерүү иш чарасы уюштурулуп, кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкан ардагерлер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Акталаада чаң баскан жолдорго суу чачуучу техникалар берилди

Ак-Талаа районуна ички көчөлөргө жана чоң жолдорго суу чачып туруу үчүн 2 даана суу чачкан атайын унаалар берилди.Маалыматка ылайык, техникалар өлкө башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен алынган. Анын бири Баетов …

Ак-Талаанын 90 жылдыгына карата поэзия кечеси өттү

Ак-Талаа районунун 90 жылдыгына карата Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде акын, журналист, Кыргыз Эл акыны Өмүрбек Дөлөевдин өмүрү жана чыгармачылык жолуна арналган “Акын жана Ак-Талаа” аттуу поэзия кечеси …

Акталаа райондук аскер комиссариатынын жаңы имаратынын курулушуна старт берилди

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда курулганына дээрлик бир кылым болгон аскер комиссариатынын имараты бузулуп, анын ордуна жаңы имарат курууга старт берилди.

Ак-Талаада жаш интеллектуалдардын эл аралык форуму өттү

Ак-Талаа районунда «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары: Чыңгыз Айтматовдун идеялары жана келечектин технологиялары» аттуу эл аралык форум өттү. Иш-чара залкар жазуучунун 95 жылдыгына арналган Эл аралык Ысык-Көл форумунун алкагында уюштурулду.

Улуу жазуучунун мааракесин утурлай сынак өттү

Бүгүн Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепканада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин утурлай иш чара уюштурулду.Тактап айтканда, жазуучунун чыгармаларынан даярдалган кызыктуу тест форматында суроолор даярдалып, ага райондук суу чарба башкармалыгынын …

Пробация кардарлары үчүн «Жардам» иш чарасы уюштурулду

​Бүгүн Ак-Талаа райондук пробация органынын каттоосунда турган кардарларды социалдык жактан колдоо, жүрүм-турумун түзөө, коомго аралаштыруу максатында «Жардам» иш чарасы уюштурулду. Анда акимдин орун басары К. Эсеналиев кардарларды мыйзам ченемдерин сактоого …

Акталаада ден-соолук күнүнө карата спорттук мелдештер уюштурулду

Ак-Талаа районунун Баетов айылында 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата жалпы дарыгерлик-практикалык борбору жана ден соолук кабинети тарабынан кыз-келиндер арасында аралыкка чуркоо жана эркектер арасында аркан тартыш боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Акталаада жазгы айдап-себүүгө карата суу каналдары оңдолууда

Ак-Талаа районунда жазгы айдап-себүүгө жана сугат иштерине даярдыктар көрүлүүдө. Учурда суу каналдар, насостук станцияларда механикалык тазалоо иштери жүрүп жатат. Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Эркинбек Искеновдун маалыматына караганда Баетов …

Акталаада эл аралык балдар китебинин күнү белгиленди

Ак-Талаа районундагы Нуркул Кулназаров атындагы маалыматтык китепкананын балдар бөлүмүндө   Эл аралык балдар китебинин күнү белгиленип, иш чара өткөрүлдү.

Акталаада «Бийчилер таймашы-2026» сынагынын жеңүүчүлөрү кимдер болду?

Ак-Талаа районунда окуучулар арасында «Бийчилер таймашы — 2026» сынагынын финалдык туру өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. 1-апрель күнү таймаштын финалдык туру өтүп, сынактын катышуучулары кыргыз улуттук бийин, ретро бийлерин бийлөө жана бий …

Шейшемби
25 Баш оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...