Ош шаарында 2024-жылдын 23-24-сентябрь күндөрү медиа жана маалыматтык сабаттуулук, ошондой эле чыр-чатактарга сезимтал коммуникация боюнча эки күндүк семинар башталды. Иш-чарага Ош жана Жалал-Абад облусунан 25 ден ашык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, коомдук консультациялык кеңештин мүчөлөрү, массалык маалымат каражаттарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Семинардын негизги максаты – катышуучулардын медиа жана маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, дезинформацияны жана жалган маалыматтарды таануу жана ага каршы туруу жөндөмүн өркүндөтүү болду. Катышуучулар фактчекингдин заманбап ыкмаларын үйрөнүп, «Кыргыз жараны» концепциясынын маанисин жана анын алардын ишиндеги колдонулушун талкууланат.
КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы этностор аралык мамилелер бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кутманова Айнур медиа жана маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу коомдук жана жеке коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү экенин белгиледи. Ал бул багытта иш алып баруу жетекчилик үчүн артыкчылыктуу экенин айтты.
ЮНЕСКОнун Бишкек шаарындагы офицери Аида Бекташева: «ЮНЕСКО бир нече жылдан бери медиасабаттуулукту глобалдык жана улуттук деңгээлде активдүү илгерилетип келет. Октябрь айында биз БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан расмий түрдө белгиленген жана БУУнун бардык мүчө мамлекеттери тарабынан 24-октябрдан 31-октябрга чейин өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк медиасабаттуулук жумалыгын белгилейбиз.
Жасалма интеллект жана санарип технологиялардын тездик менен өнүгүшүнүн шарттарында медиасабаттуулуктун мааниси улам артып бара жатат. Маалыматты сын көз караш менен кабыл алуу жөндөмүнүн жетишсиздиги адамдарды каржылык алдамчылыктарга жана башка алдамчылык аракеттерге алсыз кылып коюуда. Ошондуктан, медиасабаттуулукту жана маалыматтык сабаттуулукту жайылтуу азыркы заманда жарандардын коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыздоонун ажырагыс бөлүгү болуп калды.
Медиа жана маалыматтык сабаттуулук жергиликтүү жана глобалдык деңгээлде маанилүү ролду ойнойт. Жалган маалыматтын кеңири таралышына байланыштуу, маалыматты талдоо жана аны туура пайдалануу ар бир жаран үчүн зарыл болгон жөндөмгө айланууда. Бул көндүмдөр коомчулуктун маалыматты сын көз менен кароосуна гана эмес, ошондой эле социалдык диалогго активдүү катышып, тынчтыкты орнотууга жана туруктуу өнүгүүгө салым кошуусуна шарт түзөт», — деп белгиледи өз сөзүндө.
Семинарда медиа-экосистема жана маалыматтык сабаттуулук, дезинформацияны аныктоо, чыр-чатактарга сезимтал коммуникация, ЖМК жана социалдык тармактар менен иштөө боюнча тематикалык сессиялар өткөрүлдү. Жаңылыктар жана интернет сабаттуулугу, ошондой эле киберкоопсуздуктун негиздери сыяктуу медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун негизги аспектилери да каралат.
Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин аткаруучу директору Назира Джусупова коомчулуктун медиа сабаттуулугун жогорулатуу аркылуу маалыматтарды туура пайдалануу жана жалган маалыматтарга каршы туруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарылдыгын белгиледи. Ал медиа жана маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү коомдук диалогду жакшыртууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Иш-чаранын уюштуруучусу: Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлар Бирлиги (Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өнөктөштүгүндө БУУнун Тынчтык куруу фондунун каржылоосу менен ЮНЕСКО менен БУУӨП биргелешип ишке ашырып жаткан «Тынчтыкты орнотуу үчүн улуттук өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун потенциалын чыңдоо» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда