Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Абшыр-Ата айылынын «Жаша балалык таңы» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин филиалынын имараты оңдоодон өткөрүлүп, өспүрүм балдарды тарбиялоого толугу менен шарттар түзүлүп пайдаланууга берилди.
Бала бакчанын ачылуу аземинен
Бала бакчанын ички көрүнүшү
Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Саттарали Минбаев
«Жаша балалык таңы” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин филиалынын имараты учурунда “Абшыр-Ата” ФАП болуп курулган, аталган ФАП жаңыдан ачылган амбулаторияга көчүрүлгөндөң кийин, 50 орундуу бала бакча болуп өзгөртүлдү. Бала бакчанын имаратынын ички жасалгалоо иштери бүтүп, эмеректери келген. Ата-энелер тарабынан керебеттер, демөөрчүлөрдөн кийим салынуучу эмеректер жана айыл өкмөтүнөн ар бир бөлмө үчүн килемдери төшөлүп салынды, сырткы жасалгалоо жана оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Жалпы аткарылган жумуштардын сметалык баасы 3 млн 300 миң сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 млн сом, эл тарабынан 300 миң сом акча каражаты сарпталды», — деп билдирди Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Саттарали Минбаев.
Бала бакчада балдар ойноп жатышат
Балдардын уктоочу бөлмөсү
«Жаша балалык таңы» бардар бакчасынын жетекчиси Канышай Бобулова
Абшыр-Ата айылына биринчи жолу бала бакча ачылып жатат. Бала бакчанын ачылышы менен Абшыр-Ата элине бир топ жеңилдиктерди жаратты. Учурдан пайдаланып Абшыр-Ата айылынын тургундарына, Т. Кулатов айылынын өкмөт башчысына терең ыраазычылыгымды билдирем», — деп билдирди «Жаша балалык таңы» бардар бакчасынын жетекчиси Канышай Бобулова.
Иш чаранын катышуучулары
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева