Токтогул шаарындагы №2 Арча-Бешик» бала бакчасынын техникалык базасы жаңыланды.Замандын талабына ылайык 15 даана компьютер жана 3 даана принтер менен камсыз болушту. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жалпы жамааты менен биргеликте балдардын билими жана кызматкерлердин иши үчүн чоң өбөлгө болорун баса белгилеп жаңы техникалар менен бала бакчаны камсыздады.


«Бүгүн биздин «Арча-Бешик» бала бакчасында чоң кубаныч себеби, КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) Джамиля Джаманбаева баштаган жамаат бизге баалуу белектерин — 15 компьютер жана 3 принтер тапшырышты. Бул техникалар балдарыбыздын өнүгүүсүнө жана тарбиячылардын ишин жеңилдетүүгө чоң жардам болот. Жаш муундарга колдоо көрсөткөн акыйкатчы Джамиля Джаманбаевага терең ыраазычылык билдиребиз» дейт Анжела Турдумамбетова.
»Бала — биздин келечегибиз» деген улуу сөздү иш жүзүндө далилдеп, алыскы райондогу бала бакчанын көйгөйүн чечип берген Джамиля Джаманбаевага ыраазычылык. Заманбап техникалар 15 компьютер — бул 15 жаңы мүмкүнчүлүк, санарип дүйнөсүнө ачылган жол.
