Токтогул шаарында “Мэрдин кубогу – 2026” аталышындагы кичи-футбол боюнча спорттук турнир өткөрүлдү. Аталган мелдеш жарандарды сергек жана ден соолукту чыңдоого багытталган жашоо образына үндөө, ошондой эле шаар тургундарынын ортосундагы достук, биримдик жана ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулуп, ага шаар аймагындагы бир катар командалар катышты.


Мелдештин жыйынтыгында:
🥇 1-орун — “Шамшыкал” командасы
🥈 2-орун — “Ветерандар” курама командасы
🥉 3-орун — “Твин Пикс” командасы

«Бүгүнкү оюн өтө кызыктуу болду. Таймашта командалар жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, күйөрмандарга мыкты оюн тартуулашты. Жалпы катышкан командаларга ыраазычылык билдирем жана жеңүүчүлөргө ийгилик каалайм , ошондой эле элибизде ынтымак жана биримдик болуп , шаарыбыз өнүгө берсин» дейт Токтогул шаарынын мэри Бекмамат Бактыбеков. 
Мындан тышкары, мелдештин алкагында “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты дарбазачы” жана “Мыкты коргоочу” номинациялары боюнча да жеңүүчүлөр аныкталып, аларга Токтогул шаардык мэриясы тарабынан даярдалган баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Даярдаган: Азема Кудуева