25-февралда Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын «Небере» бала бакчасынын тарбиялануучуларынын арасында «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп өттү.
Таймашка бала бакчанын жогорку тайпасынын тарбиялануучулары катышышты. Интеллектуалдык таймаш Нарын райондук билим берүү бөлүмүнөн келген жобонун негизинде даярдалган. Нарын районуна бөлүнгөн темалардын ичине «Кошой менен Жолойдун күрөшү» темасын тандап алышкан.
Тарбиялануучулар интеллектуалдык таймашта программанын негизинде саламдашуу , хор менен манас айтышып, «Жолой менен Кошойдун күрөшү» темасында чакан сценка аткарышты. Сценкада Манастын, Каныкейдин, Кошойдун, Жолойдун, Ырамандын ырчы уулунун образдарын мыкты чагылдырып аткарып беришти.
Иш чаранын негизги максаты «Манас» эпосун даңазалоо жана өсүп келе жаткан муундарга жайылтуу болуп саналат.
Бала бакчанын тарбиялануучулары
Манас айтуу учуру
Саламдашуу учуру
Сценка коюу учуру
Алия Алымкулова