Майыптыгы бар адамдарга карата дискриминация – бул аларды басмырлоо, кемсинтүү жана укуктарын чектөө. Көп учурда коомдо алар жөнүндө терс көз караштар, стереотиптер таралып, онлайн жана оффлайн чөйрөдө кемсинткен сөздөр колдонулат. Бул багытта иш алып барган адистер стереотиптерге каршы күрөшүүнүн бир нече жолдорун айтышат.
Биринчиден, майыптыгы бар адамдарга карата сый-урмат менен мамиле кылуу керек жана кемсинтүүчү, дискриминациялык лексиканы колдонбоо маанилүү. Экинчиден, коомдук маалымдуулукту жогорулатуу аркылуу туура маалымат таратып, терс стереотиптерди жокко чыгарууга болот. Үчүнчүдөн, билим берүүдө, ишке орношууда жана коомдук турмушта бардык адамдарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү зарыл. Мындан тышкары, коомдун ар бир мүчөсү толук кандуу жана баалуу экенин түшүнүп, алар үчүн ачык жана колдоочу чөйрө түзүү маанилүү. Ар бир адамдын укугу бирдей жана аларды сыйлоо – бул коомдун өнүгүүсүнүн маанилүү шарты. Эл өкүлү Дастан Бекешов жана укук коргоочу, “Жарыктык” коомдук фондунун төрайымы Гүлзар Дүйшенова Медиа Элек подкастына кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү. Подкастты төмөнкү видео аркылуу көрө аласыз.
Бул басылма Internews ишке ашырып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу» (CARAVAN) долбоорунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланат/ биргелешип каржыланат. Анын мазмуну үчүн Жамааттык Медиа гана жоопкерчиликтүү жана ал Европа Биримдигинин жана Интерньюстун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.