Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Динара Исаманбетованын маалыматына караганда КРнын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы 273-токтомунун жобосунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жалпысынан 5 жана андан көп жыл иштеген жетекчилерди токтом күчүнө кирген күндөн тартып ээлеген кызмат ордунан бошотуу боюнча Ак-Талаа районунун 13 бала бакчанын директору ээлеген кызматынан бошотулду.
Иллюстрациялык сүрөт
«Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин токтомуна ылайык 5 жылдан ашык жетекчилик кызматта отурган директорлорду бошоттук. Мунун ичинен 5 жылдан ашык, 10 жылга чейин жетекчилик кызматта отургандар сынак аркылуу кайрадан өздөрү иштеген бала бакчанын директорлук кызмат ордуна келсе болот. Ал эми 10 жылдан ашык иштегендер болсо, сынак аркылуу башка бала бакчалардын жетекчилик кызмат ордуна келүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок, өздөрү иштеген бала бакчалардын директорлук кызмат ордуна келе алышпайт. КРнын билим берүү жана илим министрлигинин токтомуна ылайык 5 жылдан ашык жетекчилик кызматта иштеп жатышкан бала бакча директорлорду 15-июлдан тарта кызматтан бошотуу боюнча тапшырма келип түшкөн. Учурда, бардыгы эмгек өргүүдө жүргөндүгүнө байланыштуу, 8-август окуу убактысы башталганда, бошогон директорлордун ордуна бала бакчада иштеген улук тарбиячылар бала бакча башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалышат”,- деди Д.Исаманбетова.
Барчын Мамытбекова