Токтогул районунун, Терек-суу айылындагы Барчын участкасында «Клубника сүйүүчүлөр» аттуу темада семинар болуп өттү.
Семинарга Кетмен-Дөбө аймагынын башчысы Болот Багымбаев жана Токтогул райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурлан Молдомусаев жана айыл тургундары катышышты.
«Аталган семинарды уюштуруп жатканыбыздын себеби, жаш дыйкандардын эмгегин элге жайылтуу, кулпунай, малина сортторун өстүрүп, айыл элинин жашоосун жакшыртуу. Ошону менен бирге Токтогул районундагы дыйкандардын эмгегин, тажрыйбасын бөлүшүү менен бирге республикалык деңгээлге чыгуу», — дейт айыл өкмөт башчысы Болот Багымбаев
«Семинарга келип айыл тургундары, жаш эр азамат жигиттердин иштерин көрүп ыраазы болуп турам. Буюрса дыйкандарга колдон келген жардамыбызды, акыл кеңештерди берип, логистикалык борбор ачып, 4-5 жылдын ичинде кулпунай, малина өстүрүү жагын колго алып алсак», — деген ою менен Токтогул райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурлан Молдомусаев бөлүштү.
«Мен эки жылдан бери кулпунайдын түрүн айдап эксперимент жүргүзүп келем. Азыркы күндө 20 сотых жерге клубниканын альбион сортун өстүрүп жатам. Башында ушул жерге 200 миңден ашык каражат кетирип эмгек кылсам бүгүнкү күнү 80-90килограмм бир эки күндө терип, айына 1 тонна 300 кгдан ашык түшүм алып, 260 сомдон дүңүнөн алган соодагерлерге өткөрүп, кеткен чыгымдарымды жаптым десем болот. Мен кулпунайды тамчылатып сугарам, бул эң оңой технология. Ушул жол менен суугарууну дыйкандарга сунуштайт элем», — дейт өз тажрыйбасы менен бөлүшкөн ишкер Канат Шерманбетов.
Токтогулдун дыйканы Айымбү айымдын уулу эки жылдан бери 30 сотых жерге малинанын полька жана полана түрлөрүн тигип, бүгүнкү күнү 10-15 тен ашык элди иш менен камсыз кылып келет. Малинаны 2-3 күндө бир 50-60 чака терип, дүңүнөн алган соодагерлерге 650 сомдон өткөрөт. Башында бул жерди иштетүү үчүн мал жандыктарды сатып ишкерлигин баштаган, быйылкы жылы түшүмү жакшы болуп, кеткен чыгымдарын актаганын айтат. Ошону менен бирге бүлдүркөндү дагы көбөйтсөк деп ойлойт. Малинаны тамчылатып сугарат, атайын сууга 250 кубтук бассейин орнотуп, дарылай турган дарыларын бачокко чылап убагы менен сугарып, даарылап турат.
Токтогулдун климаты клубника жана малина өстүрүүгө туура келет. Дыйкандар апрель айынан баштап октябрь айына чейин түшүм ала алышат.
Азема Сабырбекова