Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөт кызматкерлери маданият үйүндө карылар үчүн дасторкон жайып, төрдүн көркү болгон ата – апалардын батасын алышты.
Маданият үйүндө Куланак айылынын кадырлуу куракта жашап жаткан карыларын сый тамакка чакырды.
«Урматтуу айлыбыздын кадырман карылары кырчындай 30,40 жашыңыздарда толуп ташкан кара күч эмгегиңиздерди элиңиздерге арнадыңыздар 50,60 жаш курагыңыздарда акыл эмгегиңиздерди жумшадыңыздар,жетимиш ашып, элдик нарк менен азыктанып жаткан бактылуу карылыгыңыздар куттуу болуп, балдардын, неберелердин кучагында аман болуңуздар!» — деп айыл тургуну Таалагүл Токсобаева WhatsApp группаларына куттуктоолорун жөнөттү.
Мындай куттуктоолор айылдын группаларын шаңга бөлөдү.
«Майрамыңар кут болсун. Кудай алкап жакшылык берсин. Бала бакыра аман болсун. Элибизде тынчтык болсун. 84 — жаштамын. Баарыңарга бактылуу карылык каалайм.»
«Ушул майрамды уюштурган айыл өкмөт кызматкерлерине чоң ыраазычылык билдирем. Иштеринде ийгилик болуп, өмүрлөрү узун болуп бактылуу таалайлуу болушсун. Дайыма эле майрамдарыбыз бүгүнкү күндөй өтсүн.»
Айзат Түмөнбаева