№17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин 10- классынын окуучулары жана класс жетекчиси Жаңыл Борбуева менен карылар күнүнө карата Жибек Максуталиева куттукташты.
Жибек Максуталиева жөнүндө
Жибек Максуталиева Фрунзеде кыз- келиндер институтун аяктап, мектепте 30 жылдан ашуун эмгектенген. Тарых мугалими болуп иштеп, кыргыз жана орус класстарга сабак берген. Райондук, областтык жана билим берүү министирлигинин ардак баракчаларынын ээси, билим берүүнүн отличниги. Азыркы убакта эжекебиз үй- бүлөсү менен бактылуу эс алууда.
«Мектепте мен 30 жылдан ашуун тарых мугалими болуп иштеп, орус жана кыргыз класстарды окуттум. Азыр мен бактылуу эс алуудамын. Окуучулар келип майрам менен куттуктаганда аябай сүйүндүм. Силер улуу жаштагы адамдарды сыйласаңа, силерди да кийинки жаштар сыйлайт деп акыл насааттарымды айттым. Аларга бата бердим», -деди Максуталиева.
Айылдын ардактуу мугалими
Тимурлан Мелисбеков, Тахмина Сүёркулова