Кызыл китепке кирген айбан сары октябрь айларынын баштарында быша баштаган. Бул дарактын мөмөсү дары катары медицинада жана тамак ашка да колдонушат.
Айбан сарынын грекче атынын кыргызчага которулушу «катуу, бышык». Көбүнчө тоолуу аймактарда кездешип, бирден өскөн да, топ- тобу менен өскөн дарактар да кездешет. Бул дарак жарыкты жакшы көрөт жана кышка туруктуу. Айбан сарынын бийиктиги 3-5 метр, кээде, жакшы шарт болсо 10-12 метрге да жетет.
Ал эми мөмөсү болсо алмурутка жана майда сары алмага окшош келет. Гүлү жаздын акырларында, жайдын башында чыгат да, октябрда мөмөсү бышат.
Айбан сары тууралуу биолог Жаңыл Борбуева төмөндөгүлөргө токтолду:
«Айбан сары мөмөлүү, жалбырагы майда өсүмдүк болуп эсептелет. Долоно өсүмдүгүнун бир түрү. Орусча аны «Боярышник»-деп атап коюшат. Долононун эки түрү бар, алар: сары мөмөлүү жана кызыл мөмөлүү болуп. Айбан сары, сары мөмөлүүсүнө кирет. Бул өсүмдүк тоолуу жерлерде өсөт да, бийик тоолуу өсүмдүк болуп эсептелинет.
Мөмөсүндө көптөгөн витаминдер бар. Алар: аскарбин кислотасы, оксикоричный кислота, С витаминдери жана башка ден- соолукка пайда витаминдер бар.
Бул өсүмдүк сергек кездешүүчү болуп эсептелет, анткени көп жерлерде эле өсө бербейт. Баалуулугу ошол мөмөсүнүн ден соолукка пайдалуулугунда, жыгачы бышык келгендигинде, жада калса жалбырагы чай катары ичсе, ооруга шыпаа.
Мөмөсүнөн компот, сок, кыям жасасак болот жана медицинада дарыларга кошушат.»- деди биолог Жаңыл Борбуева.
Тимурлан Мелисбеков, Тахмина Сүёркулова