Ак-Талаа районундагы Баетов айылында 1-октябрь Улгайган адамдардын күнүнө карата карыларга сый-урмат көрсөтүлдү.
Майрамдык салтанатка 250 дөн ашык 70 жаштан ашкан карыялар чакырылган
Аталган иш-чарада райондун акими Жумадилла Жапаров, айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев жана жергиликтүү кеңештин төрагасы ЧерЛенС Азимжанов куттуктоо сөз сүйлөдү.
Жумадилла Жапаров райондун акими(солдон биринчи), Алмаз Абдылдаев айыл өкмөт башчысы (ортодо) ЧерЛенС Азимжанов кеңештин төрагасы (ондо биринчи)
Майрамдык салтанат ыр-күүлөр менен коштолду
Майрамдык салтанат концерттик программа менен коштолду. Андан соң Баетов айылдык жергиликтүү кеңештин депутаттары майрамдык салтанатка келе албаган карылардын үйлөрүндө куттукташып, акчалай белектерин беришти.
Жергиликтүү кеңештин депутаттары карыларга акчалай белектерин тапшырышты
Жергиликтүү кеңештин депутаттары салтанатка келе албаган адамдарды үйлөрүнөн куттукташты
Жергиликтүү кеңештин депутаты Нургул Мамбетова:
«Кары адамдарды майрамдарда гана эмес, ар дайым камкордукка алып, урматтап турсак жакшы болмок. Тилекке каршы аларды ушул күнү гана эстейбиз. Ата-апалардын ар биринин баскан жолу, элге кылган кызматы бизге үлгү. Алар өмүрүн, жаштыгын элге кызмат кылууга арнашкан. Демек ар дайым карыларга камкордук көрүү ар бирибиздин адамдык парзыбыз»,-дейт.
Барчын Мамытбекова