1-октябрь карылар күнүнө карата Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү 80 жаштан жогору болгон 125 жергиликтүү тургундарга сый тамак уюуштуруп, чакан белектерин беришти. Ардагерлердин көңүлдөрүн көтөрү үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова келип өз белектерин тапшырды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова
Барскоон айыл аймагындагы ардагерлердин өз учурунда жасаган эмгектерин баалап, жыл сайын октябрь айында аларга арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Айыл аймакта жалпысынан 80 жаштан жогору 245 тургун бар.
Бул жылы дагы айыл өкмөт тарабынан уюштурулган иш-чарада ардагерлерге белектер берилди. Мындан тышкары Жылдыз Бакашова даярдап келген тамак-аш баштыкчасын 70 карыяга тапшырды. Бул боюнча айыл аймактын социалдык бөлүмүнүн кызматкери Эркин Жапарова төмөнкүлөргө токтоло кетти.
Барскоон айыл аймактын социалдык бөлүмүнүн кызматкери Эркин Жапарова
«Биз жыл сайын карылар күнүн өткөрүп келебиз. Алардын көңүлдөрүн көтөрүү үчүн чакан белектерибизди тапшырып, концерт уюуштурабыз. Мындан тышкары жылына 30 кары адамга жардам ирээтинде 500 киллограммдан таш көмүр берилет. Бул жылы биздин ата-апаларыбызда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, облустук администрациянын жетекчисинин орун басары жана райондук администрациянын орун басарлары да келип өз каалоо-тилектерин айтышты. Ала келген белектерин тапшырышты. Ошондой эле карылар күнүнө биз 50 жыл бирге жашаган, жалгыз бой энелерден жана майыптыгы бар ата-апалардан да кошуп чакырып, сыйлап келебиз».
1-октябрь кадырман карыяларды эстеп, өзгөчө көңүл буруу гана эмес, турмуштун оор сыноолорунан өтүп, жашоонун тажрыйбасына тунган ата-апаларыбызга, согуштун жана эмгектин ардагерлерине жана башка улгайган адамдарга таазим кылуу, ыраазычылык билдирүү жана жүрөктөгү жылуу сөздөрдү айтуу күнү.
Барскоон айылынын тургуну Тойчубек Эсенбаев Жети-Өгүз районуна 38 жыл эмгеги сиңген адам. Тойчубек ата учурунда райондук, айылдык кеңештин депутаты болгон. Райондо жасаган эмгектери үчүн көптөгөн орден, медалдар менен сыйланып келген.
Барскоон айылынын тургуну Тойчубек Эсенбаев
«Мен Барскоон айылына жетекчи болуп келген учурда көп эмгектерди жасадым. Мисалы, Каракөлгө баруу үчүн эски алма-бактын жээги менен жол салдырдым. Ал учурда ал жак талаа болчу. Мындан тышкары айыл үчүн эң керектүү деп айылдын ортосуна чоң тегирмен курдурдум. Ичүүчү таза сууну тоо арасынан бери тарттырып келдим».
Каарманыбыз Советтер союзунун учурунда башкарма, жетекчи, агроном да болуп иштеген. Ал агроном болуп эмгектенип жүргөн учурунда өстүргөн алма багы Москвага чейин жеткен. Тойчубек Эсенбаевдин өстүргөн алмаларын кебез менен үздүрүп, Москва шаарына алдырып кетишкен.
«Ал учурда агроном болуп иштеп турган учурум эле. Совхоздун жерине алма-бак тиктирип жемиштүү бак болуп өстү. Ошол учурда өстүргөн алмаларым Москва шаарына чейин бааланып атым чыкты. Райондук акимияттан Брежневге алма үзүп кетебиз деп келишчү. Алар ар бир алманы бирден кебез менен кармап үзүп алып кетишчү. Кийинчерээк ал эмгегим үчүн эки жолу Брежневдин медалы менен сыйландым».
Тойчубек ата азыркы учурда 82 жашта. Ден-соолугу начарлай баштаса дагы колунан китеп түшүрбөй окуп келет. Мындан тышкары жетекчи болуп иштеп турган учурунда баардык көйгөйлөрдү кагаз бетине түшүрүп жазып алган. Күнүнө бир убак ал күндөлүгүн ачып жасаган иштерин окуп, көз алдынан өткөрүп эстеп келет.
Тойчубек ата өмүрлүк жолдошу Сүйүн апа менен
Тойчубек Эсенбаевдин күндөлүгү
«Мен көп жылдар бою чоң кызматтарда иштеп келдим. Ак эмгегим менен кызмат кылдым десем жаңылышпайм. Учурунда ак эмгек жасайм деп жада калса үй да салбаптырмын. Өмүрлүк жубайым Сүйүн экөөбүз бирге өмүр сүргөнүбүзгө 55 жыл болду. Анын колдоосуна ыраазымын. Экөөбүз бири-бирибизди түшүнүү менен жашадык. Азыр болсо ардактуу эс алуудабыз. Минтип китеп окуп күн кечирип келем. Өз учурунда жазган күндөлүгүмдү бир маал окуп, баштан өткөндөрдү эстеп алам. Болгону жашың өтүп калган учурда өкмөт тарабынан көңүл бурулбай калганы капалантып келет», дейт ардактуу ардагер.
Батма Жунушова 52 жыл мал багып элге эмгеги сиңген.
Батма Жунушова 52 жыл мал багып элге эмгеги сиңген. Советтер союзу тарагандан бери өзүнө тиешелүү кой чарбасы менен алектенип келет. Жаштайынан мал чарбачылыгы менен алектенген Батма апа жети баланын энеси. Ал, азыркы күндө кары адамдардын көйгөйлөрү көбөйүп бара жатат. Себеби, учурунда балдарга ата-эне тарабынан жетишээрлик тарбия берилген эмес дейт.
«Бүгүнкү күндө карып калган адамдардын көйгөйлөрү көп болууда. Жашында берсин мээнетти, карганда берсин дөөлөттү дегендей, карыган учурда төрдө отуруп сый-урмат көрүш керек. Ал эми азыркы учурда андай болбой да калып жатат. Көрүп, билип эле жатпайбызбы карыган ата-энесин кереги жоктой кылып карылар үйүнө таштап кетип жатышат. Кыргызда качан ата-энени таштап кетчүү эле. Жаш кезинде алардын күчүн алып, карыган кезде кереги жок болуп калышабы. Мен ушундайларды укканда абдан капаланам. Бул балдарга ата-эне убагында жакшы тарбия берген эмес. Улууларды сыйлоо, урматтоо аларга көңүл буруу азайып бара жатат».
Гүлкайыр Осмоналиева