Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында биринчи октябрь карылар күнүнө карата спорттук таймаш болуп өттү. Таймашка жалпы Суусамыр айылынын беш мектебинин мугалимдери катышты. Иш-чаранын уюштуруучусу Айылдык аялдар комитетинин төрайымы, АДК нын жетекчиси Нурзат Райымбекова менен маек курдук:
—Саламатсызбы, эфирге кош келиңиз!
-Саламатчылык, рахмат.
-1-октябрь карылар күнүнө карата спорттук таймаш болуп өттү, ошол таймашты ким уюштурду?
-Бул иш-чара айыл аймактык аялдар кеңешинин төрайымы болом, анан ДЧКнын жетекчиси Чолпон Кулсариева менен биргеликте уюштурдук.
-Иш-чарага ким демөөрчү болду?
-Бул оюнду уюштурабыз деп сүйлөшкөндөн кийин, Айылдык кеңешинин төрагасы Урмат Алыпсатаровичке кат түрүндө кайрылганбыз, ошонун негизинде Суусамыр айыл өкмөтү бизге жыйырма миң сом бөлүп берди.
-Таймашта командалар көп болду, ошого канча команда катышты?
-Таймашка Суусамыр айылылынын беш мектеби катышты, алар Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектеби. Түркмөн орто мектеби, Карбеков Сатымбай орто мектеби, Бегимкулов Иманжан орто мектеби, Сапарбек Мырзакматов орто мектебинин кыз-келиндери катышты.
-Таймашта кандай программа болду?
-Оюндун программасын Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинин дене тарбия мугалими Таштанбаев Калыбек агай менен биргеликте түздүк. Оюн жети пунктан турду, аларды айта кетсек биринчиси саламдашуу, андан соң командалардын өзүн-өзү тааныштыруусу болду. Ар бир мектептен эки оюнчудан чыгышып, 500 метрге мүшөк менен секиришти. Ошондой эле 500 метр аралыкка чуркашты. Бул оюндардын катарын чака чапмай жана аркан тартыш толуктады. Аркан тартышта алты оюнчу тең катышты. Ал эми оюндун эң негизгиси болгон спорт түрү бул футбол болду.
-Оюндун жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кандай сыйлыктар берилди?
-Жеңүүчүлөргө белек берүүдө Чолпон Кулсариева эжебиз атайын Кара- Балтага барып дайынданып келди. Алсак, акчалай сыйлык менен эле коюп койсок туура эмес болуп калат, кыз-келиндер болгондон кийин колдоруна гүл кармаса стимул болот деген ой менен эжебиз ар бири командага живой роза гүлүн алып берди. Биринчи орунду Карабеков Сатымбай орто мектеби алды, 5000сом акчалай сыйлык жана дубал саатын бердик. Саатты мектебине илип алса көңүлдө калаарлык нерсе болот дедик. Экинчи жана үчүнчү орунду эки мектептин упайлары бир болуп калганына байланыштуу, Бегимкулов Иманжан жана Түркмөн орто мектебине бердик, 3500 сом акчалай сыйлык, жана грамота болду. Ал эми төртүнчү орунду Конушбаев Кадырбек орто мектеби алды. 1000 сом акчалай сыйлык. Жана ошондой эле бешинчи орунду Мырзакматов Сапарбек орто мектеби алды. 1000 сом акчалай сыйлык болду. Андан тышкары Түркмөн орто мектебинен келген мугалим жана Конушбаев Кадырбек атындагы мектебинин музыка мугалими Алияаскаров Нургуль эжебиз бар, жаш курактары 55 жаштар чамасында экенине карабай оюнга катышканына байланыштуу 500 сомдон тапшырдык. Айтча кетчү нерсе оюн маалында суусаган оюнчуларга сууларды тараттык.
Бегимай Шамирдинова