Чүй облусунун Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин 7-классынын окуучусу, айылдын четиндеги, тоого жакын жайгашкан дачалардын биринде жашаган жаш дарбазачы —Бакирдинов Рамзан Бейшенбекович менен маек курдук. Жаш болсо да мектептин футбол курама командасынын дарбазачысы катары ийгиликтерди жаратып келет, максаты бекем, тартиби так бул өспүрүм өзүнүн спортко болгон сүйүүсү, күнүмдүк жашоосу жана чоң кыялдары тууралуу ой бөлүштү.

Рамзан 4 жашынан бери футбол ойнойт жана эки жолу “Эң мыкты дарбазачы” наамын алган. Анын эң чоң кыялы — Испанияда футболдук карьерасын улантуу.
Атасы Рамиз Бакирдинов уулуна моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтөт. Ал баланын окуусу менен спорттук машыгуусуна тоскоол болбой, убакытты туура бөлүшүнө шарт түзүп келет.
Рамзандын тартиби, дисциплинасы жана үй-бүлөнүн колдоосу аны келечекте чоң ийгиликтерге жетелейт. Жаш дарбазачынын эмгекчилдиги жана өжөрлүгү теңтуштарына үлгү болчу сапат болуп саналат.

Даярдаган: Аида Карыбекова, Амина Маратбекова