Кыргыз Республикасынын президентинин «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында алп манасчы Тыныбек Жапый уулунун 180 жылдык мааракесине карата Кочкор райондук мектеп окуучулары арасында уюштурулган «Манас таануу» интеллектуалдык теле таймашынын райондук баскычы өткөрүлдү.

Улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана жаш муундардын Манас эпосуна болгон кызыгуусун арттыруу максатында «Манас таануу» аттуу райондук интеллектуалдык теле таймаш өткөрүлдү. Теле таймашты Кыргыз улуттук «Манас» театры уюштурду. Иш-чарага райондун ар кайсы мектептеринен келген окуучулар катышып, өз билимдерин жана тапкычтыктарын көрсөтүштү.

Таймаштын жүрүшүндө катышуучулар Манас баштаган баатырлардын тарыхы, эпостогу окуялар, каармандар жана алардын мааниси тууралуу суроолорго жооп берип, ар кандай интеллектуалдык тапшырмаларды аткарышты.

Таймаш учуру
Иш-чаранын жүрүшүндө калыстар тобу ар бир команданын даярдыгын, жооптордун тактыгын жана активдүүлүгүн баалап турушту.

Сыйлоо аземи
Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн командалар жеңүүчү деп табылып, облустук баскычка жолдомо алышты жана уюштуруучулар тарабынан дипломдор менен сыйланышты.
Даярдаган: Райана Советова