Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы Мыскал Байгазиева атындагы китепканада окурмандар көбөйдү. Айыл элинин китепке болгон кызыгуусунун артышы ата-энелер тарабынан уюштурулган «Келгиле бирге окуйбуз!» сынагынан башталган.
Мурдагы жылга салыштырмалуу окурмандардын саны өскөнүн аталган китепкананын башчысы Айгүл Асанкулова кененирээк айтат:
«2021-жылдын декабрь айында имарат жаңы ачылган. Китепкана жолдун боюнда болгондуктан Казан-Куйган айылына жакын айылдын ортосунда жайгашып, окурмандар коңшу айылдан да көп келип турушат. Балдар бул китепканадан үзүлбөйт. 1-7-класстарга чейин абдан көп келишет. Жыл башынан бери ата-энелер китепканачылар менен биргеликте «Келгиле бирге окуйбуз!» аттуу конкурстар бир нече жолу өткөрүлдү.
Конкурска катышкандан бери окурмандардын, кичинекей балдардын китепке болгон кызыгуусу өстү, китепканага тартылуусу да көбөйө баштады. Ата-энелер дагы конкурска активдүүлүк менен катышууда. Учурда китепканада өспүрүм курактагы окуучуларга ылайыктуу китептер аз болгондуктан демөөрчүлөрдү таап, андан сырткары айыл өкмөттүн бюджетинен акча каралса, шык берүүчү китептерди алып келүүгө аракет кылабыз «.
Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучусу Акбермет Руслан кызы ар кайсы жанрдагы китептерди ар күнгө коюп окуйт. Мындай ыкма менен аң сезимдин өнүгүүсү тездейт деп айтат:
«Мен негизи ар кандай жанрдагы китептерди окуйм. Мисалы:бир айда күндөрдү бөлүп, ар бир күнгө ар кандай китептерди коём. Бир күнү адабий чыгармаларды окусам, бирде фантастикалык же илимий, бирде мотивация берүүчү чыгармаларды окуйм. Учурда көпчүлүк балдардын кызыгуусу телефондо, балдардын кызыкчылыгын китепке көбүрөөк алып келүү үчүн азыркы тапта өтүлүп жаткан китеп окуу таймаштары чоң өбөлгө болду.»
Оттук айылынын тургуну Кенжеш Узаков китепти көп окуйт. Көбүнчө санжыраларга кызыгат. Айылдын китепканасынан орусча китептерди көп издейт.
Бир айда үч, төрт китеп окуйм. Кээде беш, алты китепке жетем. Китепти окуганда бир китепти бир жума ойлоном. Китепканадан орусча китеп табалбай жатам. Кездештирсем сөзсүз алып окуйт элем»,-дейт Кенжеш Узаков.
Гулнара Кенжеш кызы