Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Шуру Жапарбек кызы 1 айда 200 китеп окуганга жетишкен. Шурунун китепке болгон кызыгуусу ага бала чагынан апасы жомок китептерди көп окуп бергени менен арта баштаган. Китеп окууда ал тез окуу ыкмасын да колдонгон эмес.
Шуру Жапарбек кызы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин ардактуу бүтүрүүчүсү, Орус-Славян университенин 1-курсунун студенти. Ал Оттук айылына гана эмес бүткүл Кыргызстанга “1 айда 200 китеп окуган кыз” деп таанылып келет.

Шуру Жапарбек кызы
“Менин китеп окуума апам түрткү берген. Апам биз кичине кезибизде жомокторду көп айтып, китептерди окуп берчү. Кийинчерээк апамдын убактысы тар боло баштаган учурда, китепти өзүң окуп баштап көр деп айтып калды. Китепканадан китептерди алып келип берип, мен аларды окуу менен китепке болгон кызуум артып кетти.
Мага көбүнчө тарыхый романдар жагат. Окуган китептеримден эң чоңу Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар” китебинин 3 тому болду. Мен бул китепти аябай жай окуганыма байланыштуу, эки жумада окуп чыктым. Китеп окуган бул соонун. Китеп окууга убакыт дайыма тапса болот.
Мен ата-энелерди китеп окууга чакырам. Себеби, ата-эне китепке кызыккан болсо, көп окууса, балдары да китепкөй болуп тарбияланышат”,-дейт Шуру Жапарбек кызы.
Эркайым Замирбек кызы