Бишкек, Нарын шаарларына караганда Кочкор айылындагы соода дүкөндөрдө, базарларында баалар бир топ арзан экенин көпчүлүктөн укса болот.
Кочкор айылы райондун борбору болгондуктан, көптөгөн дүң дүкөндөр, соода борборлор, жашылча жемиш, кийин- кече базарлары, курулуш материал дүкөндөрү жайгашкан.
Аймактардагы калка керектүү болгон продукциянын түрлөрү менен камсыз кылууга соода дүң дүкөндөр аракет кылып жатат.
Кочкор айылындагы соода дүкөндөрдүн биринде азык — түлүктүн ж.б продукциянын бааларына көз салдык. Сатуучулардын айтымында баалар 2021- жылдан айырмасы бир аз гана болгонун айтып кетишти. Мисалы болгону 1-5 сомго чейин көтөрүлгөнүн байкаса болчудай. Анын ичинен бул тандыр нандын 5 сомго көтөрүлгөн, анткени көмүрдүн баасы жогору болгондуктан. Эттин бардык түрлөрү 450 сомдун тегерегинде экендиги маалым болду. Сүт азыктары кыш мезгилине карата 10 сомго чейин жогорулады, бирок бул мезгилдик көрүнүш, жаз келери менен кайра баасы арзандайт. Эң зарыл тамак-аш азыктарынын баалары жогору болбогону сүйүндүрөт, ал өсүмдүк майына жана кумшекердин баасы. Кочкор айылындагы жер-жемиш базарындагы жашылча жана жемиштердин баасы туруктуу боюнча калганын баамдадык.
Ошентип, дүң жана чекене соода дүкөндөрдүн сатуучулардын берген маалыматына караганда, Кочкор ичиндеги азык түлүктүн ж.б продукциянын баалары туруктуу жана жаңы жылдын башталышы менен болгону 1-5 сомго чейин кымбатташын маалымдашты.
Темирбек кызы Адеми