Кочкор районуна караштуу Ормон Хан айыл өкмөтү тарабынан социалдык дүкөн ачылды. Социалдык дүкөндү ачуунун негизги максаты калкты арзан эт жана башка азык-түлүктөр менен камсыз кылуу.

Ормон Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Абдылдаев Талантбек Шүкүрбекович
Ормон Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Абдылдаев Талантбек Шүкүрбековичтин айтымында, бул демилге өзгөчө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чоң жардам болууда:
«Социалдык азык-түлүк дүкөнү жалпы Кочкор районунун тургундарын арзан эт, жумуртка, тоок эти жана башка азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында ачылган. Көбүнчө аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жеңил болду деп айтам, себеби башка дүкөндөрдөн баалар 50-100 сомго чейин арзан. Учурда эң керектүү болгон эт азыгы башка эт саткан дүкөндөрдө 700-750 сом болуп жатат, ал эми бул жерде 650 сомдон сатылууда. Бул баа дайыма сакталат.

Жаңы ачылган социалдык азык-түлүк дүкөнү
Аталган дүкөнгө каалаган фермер малын союп 650 сомдон өткөрсө болот. Андан тышкары келечекте эт азыктарынан башка ун, суу май, картошка, күрүч сыяктуу азыктарды базар баасынан ылдый баада сатууну пландап жатабыз. Учурдан пайдаланып Кочкор районунун тургундарына социалдык азык-түлүк дүкөнүнөн келип соода кылып кетиңиздер деп чакырып кетем».

Дүкөндө дайыма жаңы эт болуп турат

Дүкөндөн эт азыктарынын бардык түрүн тапса болот
Даярдаган: Жасмина Кубатбекова