Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн курамына Кара-Суу жана Жаңы-Жол айылдары кирет. Айыл өкмөттө 2 мектеп, 2 ФАП, 2 бала бакча жана 1 маданият үйү бар. Калктын саны-6820. Калктын этникалык курамы – кыргыздар. Айыл райондун борборунан 4,5 км алыстыкта жайгашкан. Айыл өкмөт башчысы- Батталов Ырысбек Сапарбекович.
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдалдар жана инвестиция тартуу боюнча адиси- Махабат Абдилова аткарылган иштер жана алдыдагы пландар боюнча төмөнкүлөргө токтолду:
«Эң чоң долбоорлордун бири жалпы суммасы 65 миллион турган заманбап спорт комлексинин курулушу аяктоо алдында турат. Айыл өкмөттүн имараты авариялык абалда болчу, 2021-жылы стим.грант менен 3 млн. 300 миң сомго ичи-сырты менен капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Андан сырткары «Ийгилик» бала бакчасын оңдоп түзөөгө долбоор аркылуу 3 млн. 300 миң сом бөлүнүп жатат. Жаңы сорттогу үрөндөрдү алуу боюнча долбоорлор даярдалып жатат.
2022- жылга социалдык – экономикалык өнүктүрүү планын бекитип жатабыз. 117 миллион сомго долбоор даярдалды. Жаштар уюмуна атайын борбор, айыл эли үчүн дарыкана, күндүзгү стационар, лаборатория ачсакпы деген пландарды коюп жатабыз. Быйылкы жылдын дагы бир артыкчылыгы – айыл өкмөт санариптештирүүгө өтүп , иш-кагаздардын бардыгы электрондук вариантка өтүп жатат. Ар бир кызматкерге бирден компьютер берилип, интернет менен камсыз болгон».
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн мал чарба адиси- Радик Асаналиев жылкыга чип коюуда.
«Мал санактын жыйынтыгы боюнча Ак- Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылында ири мүйүздүү малдын саны-1229 баш, торпок- 367, топоз- 115, кой- 9417, жылкы- 1353 баш.
Малды эмдөө 103 % аткарылды. Бүгүнкү күндө 370 баш жылкыга чип басылды. Алдыбызда жылкыларды толук идентификациядан өткөрүү тапшырмасы турат. Мындан сыткары малды асылдандыруу боюнча ветеринардык клиника ачылган».
Санариптештирүү боюнча иш кызуу жүрүп жатат
Айыл өкмөттүн имараты толук капиталдык оңдоодон өттү
Бакыт Кожокматов