Оорунун күчөшү менен Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектеби карантинге жабылгандыгын мектептин директору Азамат Кашкариев билдирди.
«Кышкы эс алуудан кийин кайра эле мектепти карантинге жабууга туура келди. Себеби окуучулар арасында сасык тумоо менен ооругандар көбөйдү. Муну менен катар эле мугалимдерден дагы сасык тумоо менен ооругандар көп болууда. Бир жума ичинде жүздөн ашык окуучу сасык тумоого чалдыкканы белгилүү болду. Биз мектепте санитардык эрежелердин сакталышын күчөткөн элек. Бирок тилекке каршы айылда сасык тумоонун күч алышы жогору болду.
Андан тышкары 5 мугалимден Ковид-19 илдети аныкталды. Оорунун аныкталышы менен жана Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругунун негизинде мектеп карантинге жабылды. Биз онлайн форматтагы билим берүүгө өттүк. Айылдагы эпидемиологиялык абал турукташканга чейин онлайн окууну улантабыз», -дейт мектептин директору.
Эскерте кетсек, Суусамыр айыл аймагында 5 орто мектеп бар. Алардын экөө карантинге жабылып, онлайн окууга өттү.
Азиза Тамчиева