Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Восточный айылындагы Жаңы-Жер №2 орто мектебинде окуучуларга “Сасык тумоодон кантип сактануу керек?” деген темада класстык сааттар өткөрүлдү.
«Восточный» айылындагы мектеп
Жаңы-Жер толук эмес №2 орто мектебинин мугалимдери окуучуларга өткөргөн класстык сааттардын максаты, окуучулар коронавирус жөнүндө жалпы маалымат алуусу жана санитардык эпидемиологиялык талаптарды так аткаруусу боюнча түшүнүк берүү жана маалыматын бекемдөө үчүн болду.
Окуучулар санитардык гигиеналык талаптарды сактоо боюнча эрежелерди көргөзүүдө.
Сабактын жүрүшүндө окуучулар коронавирус жөнүндө интернет булактардан алган маалыматтары боюнча өз ойлорун айтып беришти. Кээ бир окуучулар коронавируска каршы эмдөө жөнүндө интернет булактарында тараган жалган маалыматтарды айтып талкуулашты.
Мектептин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Сүйүн Абдыбекованын окуучуларга “Коронавирус деген эмне?” -деп берген суроосуна:
Окуучулардын бири Халид Шамсудинов; “Коронавирус — өзүнө отуздан ашык вирусту камтыган вирустуу оору. Менин интернет булактарынан алган маалыматым боюнча, өпкөнүн пневмония жана ичеги-карындын оорушуна алып келет. Коронавирустар тоголок формадагы микроб. Анын тикен сымал сырткы чели таажыны элестетип турат. Илдет ошол себептен коронавирус деп аталат. Клеткага кирген вирус көбөйүп, иммунитетти алсыратып, инфекция менен күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат”,-деп жооп берди.
Ошол эле класстын окуучусу мугалимден алган маалыматына таянып Адинай Сүйүналиева:
“Вирус эмнеден чыкты?”-деген суроого: “Коронавирус менен ооруган алгачкы адам 1965-жылы каттоого алынганын. XX кылымда аталган вирус адамдарда жана жаныбарларда курч респиратордук оорулардын козгогучу катары белгилүү болгонун. 2000-жылдары коронавирустун SARS-Cov жана MERS-Cov деген түрлөрү жайылып, адам өмүрүнө коркунуч жарата баштагандыгын айтып кошумчалады.
Ал эми “Илдеттин белгиси кандай болот?”-деген мугалимдин суроосуна Магомед Ашурлаев:
«Дарыгерлердин айтуусу боюнча, коронавирустун белгиси алгачкы этабында дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөл менен коштолору, узак убакытка жеңил абалда болорун билдирген. Оору улгайган адамдар арасында жана башка өнөкөт илдети бар адамдар арасында дароо оор формасына өтүп кетиши мүмкүндүгүн эскертишкен”, -деди.
Сабактын жыйынтыгында окуучулар алган маалыматтары боюнча төмөнкү суроолорго жооп беришти.
Коронавирус деген эмне?
Ал кандай оору экен?
Сасык тумоо менен коронавирустун айырмасы эмнеде?
Бул ооруну жугузуп алган адам кандай абалда болот?
Бул оору эмнеден пайда болгон?
Азыркы учурдагы абал кандай?
жана башка ушул сыяктуу суроолордун тегерегинде талкуу жүргүзүштү.
Окуучулардын жасаган эмгектери
Сабактын аягында, атайын чакырылган дарыгер Рустам Ридванов окуучуларга ооруну жуктуруп албоо үчүн маалымат берди.
“Эл көп чогулган базарларга, дүкөндөргө мүмкүн болушунча барбоо;
Мектепте дайыма медициналык беткап тагынып, антисептик, нымдуу кол аарчыларды алып жүрүү;
Дайыма тамак ичер алдында колду таза жуу;
Оорунун алгачкы белгилери байкалганда ата-энесине айтып дарыгерге кайрылуу керек.”
Юсуф колду таза жуу эрежесин көрсөтүүдө
Учурда башталгыч класстын окуучулары сасык тумоодон коргонуу үчүн атайы беткаптарды кийип сабак өтүүдө
Турсун Омуралиева