23-апрель- Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинде ата-энелер мектебинин негизинде «Жомоктор дүйнөсүнө саякат» — аталышындагы 1-4-класстын ата-энелери арасында китеп окуу конкурсу болуп өттү.
Сынакты М.Кенжакунов орто мектебинин 5-6-7-8-класстын класс жетекчилери уюштурушту. Конкурстун жүрүшүндө катышуучулар кыргыз эл жомокторунан өзү каалаган жомокту тандап алып,жомоктон ролдоштуруп үзүндү аткаруу, жомокту көркөмдүү айтуу, макалдарды улап айтуу тапшырмаларын жогорку деңгээлде аткарып бере алышты.
Жыйынтыгында 1-орунга даярдоо классынын окуучусу Малабекова Лайла апасы Нарбаева Жыргал;
2-орунга 1-класстын окуучусу Сапарбекова Аяна апасы Сатар кызы Нурзат ;
3-орунга 2-класстын окуучусу Айтбекова Назима апасы Камчыбек кызы Элнура менен ээ болушса,
4-класстын окуучусу Жанболотова Ширин жеңеси Турсунбек кызы Адина жана 3-класстын окуучусу Надырбеков Умар апасы Осмонова Кенже менен активдүү катышуучу номинациясына ээ болушту.
Катышуучуларга жана алдыңкы орунду камсыз кылган жеңүүчүлөргө 4-класстын окуучусу Асанбаева Аруукенин апасы Жусупова Дариха демөөрчү болуп, кызыктыруучу белектерин берди.
Жалпы коллектив Жусупова Дарихага терең ыраазычылык билдирип, бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап өтүштү.
Б.Макилова