Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан Россия Федерациясындагы миграциялык кырдаалга байланыштуу 2025-жылдын башынан бери калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Башкармалыктын иш менен камсыз кылуу жана миграция бөлүмүнүн адистери райондун борборунда жана айылдарды кыдырып эл чогулган жайларда жарандарга чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн жакындарына РФ миграциялык кырдаал тууралуу ыкчам маалыматтарды жеткирүүнү жана аларга өз мекенинде болуп жаткан мүмкүнчүлүктөр жөнүндө түшүндүрүү иштерди жүргүзүдө.
Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын адистеринин иш учуру
Мисалы: Кайтып келген мигранттарды колдоо иштери, жаңы ачылып жаткан завод, фабрикалардагы түзүлгөн жумуш орундары, өлкөдөгү ишкерлерди колдоо көз караштары жана социалдык жардамдар тууралуу жеткирүү жана сунушталууда.
Мындан тышкары социалдык тармактар аркылуу жана айыл өкмөттөр менен биргеликте атайын WhatsApp группалар түзүлүп маалыматтар, шилтемелер байма бай жүктөлүүдө.
Сүрөттөр Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын архивинен алынды.
Нурия Карымбаева