Ак-Талаа районунда РИИБнүн демилгеси менен “Жаңы муун-жаркын келечек,таза муун-коопсуз келечек” — аттуу жаштар форуму болуп өттү. Ал жаштар жана окуучулар арасында зордук-зомбулукту, экстремизмди, баңгиликти алдын алууга багытталган улуттук баалуулуктарды өнүктүрүү, коомдун коопсуздугу жана аң-сезимдүү жарандык позияцияны калыптандыруу максатында уюштурулган.
Жаштар форумунун катышуучулары
Форум эркин баарлашуу форматында өтүп, алгач ИИМдин жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо боюнча ыкчам башкаруу борборунун бир күндүк иш-аракеттерин чагылдырган “Мен 24 саат уктабайм” — аттуу видеороликти көрсөтүү менен башталды. Андан соң Гүлжан Кемелгазиеванын калемине таандык бир көшөгөлүү “Мен апамды сагындым” аттуу пьесасы маданият кызматкерлери тарабынан коюлуп, бийчилер тобу, Чубак уулу Санжар жана Бектур Замирбеков өнөрлөрүн тартуулады.
«Мен апамды сагындым» пьесасы
Жаш аткаруучу Чубак уулу Санжар
Бектур Замирбеков
Бийчилер тобу
Форумга удаа маданият үйүнүн залында окуучуларды кесипке багыт берүү максатында көргөзмө өтүп жатты.
Кесипке багыт берүү боюнча көргөзмө
Ал эми РЖДПБнун дарыгери Айдай Эсенбекова мектеп жашындагы балдарга гаджеттердин зыяны тууралуу маалымат берип, бала 3 жашка чейин эмне менен алектенген болсо, андан кийинки курактарда дал ошол адаттар уланарын айтты. Форумдун жүрүшүндө мектеп рекетчилиги, телефондун зыяны, жол кыймылынын эрежелери тууралуу видеоматериалдар көрсөтүлүп, спорт, билим, диндеги жүрүм-турум, ыйман, адеп-ахлактын жашоодогу орду тууралуу атайын өкүлдөр ойлору менен бөлүштү.Ошондой эле форумда окуучулар үчүн интеллектуалдык оюндар ойнотулду.
Форумда интеллектуалдык оюн ойнотулду
Акимдин орун басары Каныбек Эсеналиев жана НОИИБнын башчысынын орун басары полковник Насирдин Долонов жаштарды жана окуучуларды кылмыштуулуктан алыс болууга чакырды.
Каныбек Эсеналиев-акимдин орун басары
Насирдин Долонов-НОИИБнын башчысынын орун басары, милициянын полковниги
Соңунда аталган машыктыруучу Б.Капарбек уулуна, Чубак уулу Санжарга, Бектур Замирбековга, хореограф Адина Майрамбековага Нарын ОИИБнын Ардак Грамотасы тапшырылды. НОИИБнын Грамотасы тапшырылды.
Барчын Мамытбекова
Сүрөт: Мээрим Тентиева