Бул комикс жаштарга жана ата-энелерге пропаганданын кандайча иштей турганын, анын коомдогу жек көрүү, стереотип жана зомбулукту кантип козутарын жөнөкөй окуялар аркылуу түшүндүрөт. Каармандар – Акмат менен Ташмат – жалган маалыматтарга алданбаш үчүн фактыларды текшерүүнү, ар түрдүү булактарды салыштырууну жана сынчыл ой жүгүртүүнү үйрөнүшөт. Комикс эмоцияга негизделген манипуляциядан кантип сактануу керектигин жөнөкөй тил менен көрсөтүп берет.
Бул басылма Internews ишке ашырып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу» (CARAVAN) долбоорунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланат/ биргелешип каржыланат. Анын мазмуну үчүн Жамааттык Медиа гана жоопкерчиликтүү жана ал Европа Биримдигинин жана Интерньюстун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.