Кыргыз Республикасынын Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси тарабынан жарандар үчүн дагы бир жаңы жана ыңгайлуу кызмат ишке кирди. Эми аты-жөндү өзгөртүү иши “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн жүргүзүлөт. Бул кызмат жарандардын убактысын үнөмдөө жана мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү кылуу максатында ишке ашырылган. Мурдагыдай атайын мекемелерге барып кезек күтүүнүн кажети жок. Жарандар үйдө олтурган бойдон арыз берип, атын же фамилиясын өзгөртө алышат.

Жаңы кызмат ишке киргенине 1 жумага жакын убакыт болду. Бул аралыкта 300гө жакын жаран аты-жөнүн өзгөртүү боюнча арыз ташташкан.
Онлайн өзгөртүү кандай иштейт?
1. “Түндүк” мобилдик тиркемесине кирүү
2. Аты-жөндү өзгөртүү бөлүмүн тандап, зарыл болгон документтерди жүктөө
• Туулгандыгы тууралуу күбөлүк
• Өзгөрткүңүз келген жаңы аты-жөнү
3. Жаңы күбөлүктү кайдан алууну тандоо
• Калкты тейлөө борборунан алуу
• Же үйгө жеткирип берүү кызматы (142 сом)
4. Megapay тиркемеси аркылуу кызмат акысы төлөнөт
• Жөнөкөй алмаштыруу жана шашылыш алмаштыруу, болжол менен 700 сом
5. Арыз 3-10 күн аралыгында каралат
Эгер арыз туура эмес толтурулса же документ жетишпесе, арыз ээси онлайн түрүндө себептери менен кошо кабар алат.
Эмне үчүн адамдар аты-жөнүн өзгөртөт?
— Жыл сайын бул кызмат боюнча ар кандай статистика байкалат. Мисалы, мурда 5000 адам арыз таштаса, кийинки жылы 3000ге чейин азайышы мүмкүн же тескерисинче көбөйүшү мүмкүн.
Көпчүлүк учурда фамилияны өзгөртүү боюнча кайрылышат. Кээде аты-жөнүндө бир эле тамга туура эмес жазылып калат, же “дж”, “ө”, “ү” сыяктуу тамгалар туура эмес киргизилип калган учурлар кездешет.
Эгер ката ата-эненин документинде болсо, өзгөртүү бир аз татаал болушу мүмкүн. Бул учурда жарандык актылар көтөрүлүп, териштирүүдөн кийин гана өзгөртүү ишке ашырылат.
Белгилей кетүүчү нерсе фамилияны өзгөрткөндө туулгандыгы тууралуу күбөлүккө өзгөртүү киргизилбейт, бирок калган документтерди, өзгөчө паспортту кайра жасатуу талап кылынат.
16 жаштан ашкан жаран атын же фамилиясын ата-энесинин уруксатысыз өзгөртө алат. Ал эми кичинекей балдар үчүн сөзсүз түрдө ата-энесинин макулдугу талап кылынат.
Паспорт жоготуп алганда эмне кылуу керек?
Эгер жоготкон паспорт “Түндүк” тиркемесинде көрсөтүлүп жүрсө, аны убактылуу колдонсо болот. Бирок жаңы паспорт алуу сунушталат. Себеби жоголгон документти башка адам колдонуп алса, кооптуу жагдайлар жаралышы мүмкүн.
“Түндүк” тиркемесинин башка мүмкүнчүлүктөрү
Бүгүнкү күндө “Түндүк” тиркемесин колдонгондор 2,5 миллиондон ашты. Бул тиркеме аркылуу паспорт алмаштыруу, каттоого туруу, маалымат каттарды алуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Эми аттестат, пенсиялык күбөлүк сыяктуу документтер да тиркемеге кошулду. Жарандар бул документтерди тиркемеден эле көрсөтүп, кагаз түрүндө алып жүрбөсө да болот. Айрым маалымкаттарды алуу үчүн акы төлөнөт. Бирок аны да тиркеме аркылуу буйрутма берип, дароо жүктөп алууга мүмкүн.
Айпери Марлесова