Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы » Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө» №305 Жарлыгына ылайык, жыл сайын апрель айынын үчүнчү ишембисинде «Улуттук тазалык күнү» белгиленген.

Ушуга байланыштуу бүгүн Кочкор жергесинин айыл өкмөтүнүн, мекеме ишканаларынын, коомдук уюмдарынын кызматкерлери жана жергиликтүү жарандардын катышуусунда, өздөрүнө тийиштүү аймактарда ишембилик уюштурулду.

«Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду.

Акбермет Жеңишбекова