Адам китеп окуу менен дүйнө таанымын кеңейтет, сөз байлыгын өстүрөт. Бирок техниканын өнүгүшү менен, жашообузга интернеттин кириши менен китеп окуган адамдардын саны азайып баратат. Оттук айылынын тургуну Бурулкан Чүмөдөева 87 жашта болсо дагы китеп окуганга кызыгып, күнүнө эки сааттан китеп окуп турат.

Бурулкан апа
«Мен китеп окуганга аябай кызыгам көбүнчө Манасты, балдардын жомокторун окуйм. Китепти өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн окуйм, окуганда ушундай бир ырахат алам. Бир күндө эки саат убактымды китеп окууга жумшайм. Азыркы убакта көпчүлүк жаштар телефон менен эле чектелип калышты, китеп окуган жаштар азайып баратат.»
Бурулкан апа дайыма неберелерине жомок китептерди окуп берет. Алардын дүйнө таанымын китеп аркылуу кеңейтүүнү максат кылат. Чоң энеси менен бирге үй-бүлө мүчөлөрү да китеп окуганга аракет кылып турушат.

Чолпонай Куттубекова
Чолпонай Куттубекова Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинин Программалык инженерия факультетинин 1-курсун аяктап жатат. Ал азыркы убакта маалымат жеткиликтүүлүгү көп болуп, интернетти көп пайдалануудан улам өспүрүмдөр китеп окугандан алыстап бара жатканын айтат:
«Мен үчүн китеп окуу бул өзгөчө терапия. Китеп окуу менен эс алам, сергийм. Күнүгө бир сааттан китеп окуганга аракет кылам. Өзгөчө тарыхий романдарды жактырам. Азыр маалымат бизге оңой жеткен заман деп айта алам. каалаган маалыматты дароо эле интернеттен карап таба калса болот. Ошол себептен жаш өспүрүмдөр арасында көп китеп окууга кызыгуу жок болсо керек. Китеп бул-көөнөргүс байлык, алмашкыс билим деп айтат элем. Ар убакта китеп окуп туруу адамдын жан дүйнөсүн өзгөртөт, шыктандырат.»
Ар бир үй -бүлө китеп окуу маданиятын калыптандыруу менен жаш өспүрүмдөрдү китеп окууга тарбиялай алат.
Баяна Кадырбекова