Туристтерге кызмат көрсөтүүчү корпоратив катары негиздеген Жийдегүл Мавлянова «Боз үйлөр шаарчасын» уюштуруп, 14 үй- бүлөнү иш менен камсыздаган.

«Боз үйлөр шаарчасын уюштуруу максатыбыз аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жумуш менен камсыз кылуу. Бизде 4 топ бар жаштар, кол өнөрчүлөр, тамак-аш бышыруучу, дары чөптөрд чогултуучулар болуп түзүлгөн»,-деди Эркингүл Алимбекова.
Мен Эркингүл Алимбекова 46 жаштамын бул боз үйлөр шаарчасында админстратор, бухгалтер болуп иштейм.
Башында түзүлгөндө күздө 30 үй-бүлө болчу, бул жерде иш кылбай сыртта жүргөндөр да бар, биз башында уюшулганда өздүк салым кошконбуз, баарыбыз 3300 сомдон. Бул уюшуу 2022-жылы болгон, быйылда жакшы жаңылык бар дивидент бөлүнөт деген, былтыр андай дивидентке жетише албадык, себеби жаңы курулган үчүн муктаждыктар көп болду. Ошолорду чечтик эми быйыл жакшы жүрүшөт деген ойдобуз.
Дивидент деген эмне?
Дивидент деген бул — корпоративдин жалпы мүлкү болот. Ошол мүлктү пайдалануудан түшкөн акчаларды, каражатты кайра эле корпоративдин мүчөлөрүнүн арасында бөлүштүрүү. Ар бир мүчөсүнө бөлүнгөн мүлк дивидент болот-деп билдирди Жалал- Абад жарандык коомду колдоо борборунун директору Ислам Абдуллаев.
«Боз үйлөр шаарчасынын мисалында ала турган болсок, ал жерде негизги капитал болуп боз үйлөр, эмеректер эсептелет. Ошол жердеги боз үйлөр, бүт алынып берилген шаймандардын бардыгы дивидент, корпоративдин мүчөлөрү ошолорду колдонуу менен элдерге туристтик кызмат көрсөтүшөт жана акча топтошот. Жылдын аягында топтолгон каражаттарды ошол жерде мүчөлөр өздөрүнүн арасында бөлүшөт. Мисалы 100,000 сомду, 10 мүчө болсо ар бирине 10, 000 сомдон тийет, мына ушул дивидент», -деди Абдуллаев.

Жалал- Абад жарандык коомду колдоо борборунун директору Ислам Абдуллаев
Былтыр жаңы ачылганда кардарларды өзүбүз издеп чакырганбыз, а быйыл былтыркы келгендер досторун ээрчитип келет, шерине өткөрүшөт деп сөзүн улады шаарчанын админстратору Эркингүл Алимбекова.
«Келген конокторго тамак-аш жасап беришет, ашканада өзүнүн убактысы менен бөлүнүп иштешет. 3-5 тен эжекелер өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө карап келе беришет. Дары чөптөр жыйналат, кол өнөрчүлүк боюнча курактарды, колунан келген нерселерди баарын жасап келип сатып, киреше табышат. Биздин ашканада каймак, айран, сүт, казан нан, каттама даяр сатылат.
Боз үйлөр шаарчасында жумуш кылам деген аялдар болсо өтө сонун иштер бар. Былтыр аябай ойлонгонбуз кандай болот болду экен деп, быйыл жакшы жүрүшүп жатат. Жалпысынан 14 үй-бүлө иш менен камсыздалган. Бул жерде жумуш кылгандар тамак-аш жеткизет, идиш-табактарды жууйт, келген кардарларга карашат, ашканадагы көрсөтүлгөн кызматы толугу менен жасашат. Боз үйлөргө кызмат акысына 10% алышат. Жалпысынан бир үй-бүлө бир күндө 2000-4000 миң сомдон алып калышат. Боз үйлөр шаарчасы жайда тигилип, 3 ай иштейт. Былтыркы кирешеден жүз алтымыш миңге контейнер алганбыз, ошол жерде боз үйлөрдү сактайбыз. Контейнер алганга чейин айыл өкмөттүн сактоочу жайында сактадык, кийин бошотуп койгула дешкен, ошентип былтыр кыйналдык. Буйруса эми боз үйлөдү кышында сактоочу жерибиз да бар»,-деди Алимбекова.

Боз үйлөр шаарчасы 2020-жылы уюштурулду. Германия эл аралык кызматташтыгы жана өнүгүү уюму, Евро биримдиктин каражаты менен региондук комплексти өнүктүрүү долбоорунун алкагында ишке ашты.
«Бул долборду Бишкектен FSDS жана Жалал-Абаддан жарандык коомду колдоо борбору тарабынан ишке ашырып жатат, негизинен бул долбордун аталышы аялдардын жана жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жана кеңейтүү», -деди Жалал Абад жарандык коомду колдоо борборунун эксперт консультанты Чынара Жусупова.

Бул долбоор Аксы районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана ошондой эле жаш кыз-келиндерди кошумча киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү жана жергиликтүү алар өндүрүп чыгарган продукцияны туристтерге сатуу максатында жана туристтерге кызмат көрсөтүүчү боз үйлөр шаарчасын курууга максатталган.

Бул жердин алкагында башында башталганда 30га жакын үй-бүлө менен башталган, бирок азыркы учурда корпоративтин активдүү мүчөлөрү ошол жерден түздөн түз киреше алып, иштеп жаткан үй-бүлөнүн саны 14 үй-бүлө. Шаарчада туристтерге кызмат көрсөтүшөт жана ал жерде өздөрүнүн өндүргөн продукцияларын сатышат жана алар кошумча киреше табышат.

Долбоордун алкагында корпоратив уюштурулган, эми ал долбор алкагында берилген шаймандарды, буюмдарды, эмеректердин баарын ошол аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү туруктуу кармап, туристтерге кызмат көрсөтүүчү корпоратив болуп уюштурулуп, 2021-жылдын этегинде катоодон өтүшкөн. Азыркы учурда туристтерге кызмат көрсөтүүчү корпоратив катары Кыргызтандагы жалгыз тажрыйба ишке ашып, иштеп жатышат.
«Биз Падыша-Атадагы боз үйлөр шаарчасына келип эс алып жатабыз. Аябай жакшы экен бардык шарттары бар. Тейлөө, мамилеси да мыкты», -деди эс алуучу Элиза Шамшиева.
Туристтик өлкө болгон Кыргызстандын дагы бир кооз жерлеринин бири болгон Падыша-Атада заманбап, ыңгайлуу эс алуу жайы бардыгы жергиликтүү элди да кубандырат. Анткени туристтер келген сайын элге кошумча акча түшөөрү анык.
Нуриза Калдарбаева, Гулназ Камбарали кызы